Кечээ, 5-апрелде Бишкек шаарында болуп өткөн сулуулар сынагында Бегимай Карыбекова жеӊүүчү аталып, "Кыргызстан сулуусу-2017" аталды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматтарга караганда сынакта 17 сулуу өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Биринчи вице-мисс Айчүрөк Маматемирова, экинчи вице-мисс Гүлзада Исламбек кызы аталган.
Эми Карыбекова эл аралык сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат.