Жалал-Абад шаарындагы сейил бактын кире беришине орнотулган "Жалал-Абад" жазуусу бир жумадан бери оңдолбой жатканын бүгүн, 12-апрелде окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган.
"Жазууну бейбаштар бир апта мурун талкалап кетишкен окшойт. Бүгүнкү күнгө чейин жылыш жок. Мэрия көзөмөлдөп койсо болбойбу? Алар деле оңдотуп койсо болбойбу" - деген суроолорду салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.