Екатеринбург шаарында төрөлгөн Олег Крикет дүйнөнүн бийик имараттарында ойго келбеген трюктарды жасап, интернет ааламына атактуулугу жайылууда. Анын социалдык тармактардагы баракчаларына миңдеген колдонуучулар жазылышкан.
Ал өзүндөй ойлонгон адамдар менен топ түзүп, жашоосун тобокелдикке салып асман тиреген имараттардын чокуларында кооптуу трюктарды аткарат. Алгач бул анын эң жакшы көргөн хоббиси болсо, бара-бара каражат табуунун булагына айланган. "Ямакаси" тасмасын көргөн көпчүлүк жигиттер паркур менен машыгууну башташкан, Олег Крикет дагы 14 жашынан тарта спорттун бул түрү менен машыгат.
"Мен сүрөттөрдө эр жүрөк көрүнгөнүм менен, коркуу сезими ар бир адамда болот жана бул кадимки көрүнүш. Өзүмдүн кызыгуумду компьютердик оюнга салыштырам, бирок бул оюнда ката кетирбешим керек, себеби оюнду кайра башынан баштай албайм", - деген өзүнүн интервьюларынын биринде.
Жакын арада аны Торонтодогу имараттын чокусуна уруксатсыз киргени үчүн камакка алынганы тууралуу маалымат тараган.