2017-жылдын 7 кооптуу көйгөйлөрү жарыяланды

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда дүйнө жүзү боюнча экономикага терс таасирин тийгизүүчү глобалдуу көйгөйлөрдүн тизмеси жарыяланды. Тизмени 750 эксперт түзгөнүн NewsFinance басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр экономикага жок эле дегенде 10 жыл бою терс таасирин берет.

1. Экстремалдуу аба ырайы

Алгачкы көйгөй баары күткөндөй, терроризм эмес. Соңку жылдары жаратылыштын кырсыктарын бардык континенттердин тургундары көрүштү, 2017-жылы бул кайра кайталанат.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча, 2017-жыл климатты байкоо тарыхында эң жылуу болот. Ысык аба ырайы, океандагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келип, кургакчылыкка жана бороондорго шарт түзөт.

2. Башаламан миграция

Акыркы жылдары Европа миграциялык кризиске учурап, көчкөндөрдүн саны Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы көрсөткүчтөн калышпайт. Учурда 1-1,8 миллион адам өнүккөн өлкөлөргө өтүп кеткен. Ал качкындардын арасынан коопсуздук кызматтары кылмышкерлерди жана террорчуларды табышууда.

Тобокелдик дүйнөдөгү өлкө бийликтери мигранттарга карата бирдей саясат иштеп чыкпагандыкта. Айрым өлкөлөр аларды кабыл алышса, башкалары чек араны жаап коюшкан.

3. Жаратылыш кырсыктары

2016-жылы сел жүрүү, өрт, бороондор глобалдуу экономикага 175 миллиард доллардан жогору чыгым алып келген. Эң ири кырсык катары Япониядагы Кюсю аралындагы жер титирөө болгон. Ал 40тай адам өмүрүн алып, 25-30 миллиард доллар чыгым тарттырган. 2017-жылдын башында эле, 27-мартта Австралиядагы саатына 270 чакырым ылдамдыктагы Дебби циклону 63 миңдей адамды электр кубатсыз калтырса, Перудагы селден 72 адам каза болгон.

Окумуштуулар европалык шаарлар кийинки 100 жылда акырындык менен суу алдына кетерин айтышууда.

4. Терроризм

2016-жылы террордук актылардын коркунучу дүйнөнү каптады. Теракттар Европа, Азия өлкөлөрүндө орун алды. Париждеги теракт 130, Ниццадагысы 86 адамдын өмүрүн кыйды.

Туристтерди өлкөгө тартуу максатында мейманканалар бааларын 35 пайызга төмөндөтүшкөн. Бельгиядагы аэропортто жана метродо террорчулар 35, Берлинде 15 адамдын өмүрүн кыйышкан. Түркияда жанкечтилер акция уюштуруп, экономикасына залал тийгизишкен.

Коопсуздукту сактоо боюнча чаралар жана ишенбестик инвесторлорду каражаттарын кайтарууга мажбур кылууда, мындан улам экономика аксап жатат.

5. Кыйратуучу технологиялар

Швеция, Бельгия, Франция өлкөлөрүнүн тургундары сатып алууларынын 93 пайызын банктык карта менен төлөшөт. Ал эми япон дүкөндөрүндө адам сатуучуну көрүү сейрек кездеше баштады. Өнүгүп жаткан технология адамзатка жардам берүүгө жасалса, аны менен бирге иш орундарын кыскартууда. Бирок бул эң чоң көйгөй эмес, себеби кибератакага кабылуу коркунучу бар. Кылмышкерлер корпоративдик сырды, кардардын жеке маалыматын таап алышы мүмкүн.

Өткөн жылы кытайлык окумуштуулар чылым чегип калдыктарын жолго ыргыткандардын сүрөттөрүн шилекейдин ДНКсынын жардамы менен табышкан. Мындай технологиянын жардамы менен жарандарды аңдууга колдонуу мүмкүн.

6. Кибератакалар

2016-жылы америкалык чалгынчылар президенттин шайлоосуна мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү аныкташкан. Британиянын интернет кылмыштуулукка каршы кызматы 2016-жылы хакердик чабуулдар акыркы жылдары көбөйгөнүн белгилешкен.

Сентябрда шайлоо өтө турган Германия коопсуздук кызматтары кибератакага туруштук берүүсү керектигин баса белгилеген. Ошондой эле Орусиянын Банкынан 31 миллион доллар алынганы жазылган маалыматта.

7. Климаттын өзгөрүшү

Кадимкидей эмес аба ырайы жана катаклизмдер климаттын өзгөрүлүшүнөн улам көп болууда. Климат адамзаттын ишмердүүлүгүнөн да өзгөрүлүп жатат. Көмүр кычкылы атмосферага сиңип, муздарды эритип, Жердин аба ырайы жылып жатат. Суунун нугу өзгөрүлүп, деңгээли жыл сайын 10 сантиметрге көтөрүлүүдө.

2017-жылы адамзат жаратылышка кылган шалаакы мамилесинин үзүрүн көрөрүн айтышкан эксперттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан