"Таң калдым". Курулуш министри Орунтаев Нарындагы МИКтин үйлөрү үчүн Ташиевден жеме укту (видео)

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарында өткөргөн жыйынында шаардагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирлердин курулуш иштеринин жай жүрүп жатканына нааразы болгон. Бүгүн, 1-июлда журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеодон Ташиев бул үчүн курулуш министи Нурдан Орунтаевди сынга алганын угууга болот.

"Былтыр ноябрда келгенде биринчи, экинчи кабаты турган болчу. Азыр карасам үчүнчү, төртүнчү кабаты көтөрүлүп калыптыр. Демек, жети айда бир гана кабатка көтөрүлгөн. Бул эмне деген курулуш? Анда тогуз кабатты дагы жети, сегиз жыл курабызбы?", - деген ал.

Министр бетондон көйгөй жаралганын айттып жооп берген. Бирок анын жообу атайын кызматтын төрагасын канааттандырган эмес.

"Не бетонду мен же президент келип чечип бериш керекпи?.. Анда Нарынды курбай эле коёлу. Бир жылда бир кабат көтөрүлүптүр. Мен буга таң калдым. Мына МИКтин үйлөрү башка жакта деле бир жылда курулуп бүтүп, ишке берилип жатат", - деген Ташиев.

Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бетон маселеси чечилгенин белгилеп, үч айдын ичинде курулуп бүтөрүн билдирген.

Буга чейин Орунтаев Нарын облусу каралбай калды деген пикирлер чындыкка дал келбестигин билдирип, аймакта көптөгөн курулуштар жүрүп жатканын айткан жайы бар.

01.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан