Экономикалык кризиске карабай ЕАЭБдеги мамлекеттер 2016-жылы экономикалык өсүш көрсөттү. Бул тууралуу 14-апрелде Бишкекте өтүп жаткан иш-чарада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.
"Ишти дагы улантуу керек. Эл аралык өнөктөштөр менен жаңы соода макулдашууларды түзүү шарт. Калыптанып калган жакшы тенденцияны бекемдөө керектигин убакыт көрсөтүүдө. Дагы бир маселе - ЕАЭБдеги өлкөлөр бири-бирибизге жардам беришибиз керек", - деди Назарбаев.
Казакстандын президенти Кыргыз мамлекетине Казакстан аркылуу ташылган товарларга темир жол тарифтери арзандаганын кошумчалады.
Бишкекте бүгүн, 14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко катышууда.