ЭЛДИК КАБАР: Окурман эки айылдын жолундагы таш жүк ташуучу унааларга тоскоол болуп жатканын кабарлады

"Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан Маданият айылына кетип бараткан жолдо чоң таш көп жылдардан бери турат. Жүк ташуучу унаалардын өтүшү кыйын болуп жатат. Тиешелүү жактардан келип жардам берип кетишин суранат элек. Көбүнчө жай айында чөп ташыган унаалар өтө албай кыйналышат", - деген окурман бүгүн, 15-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
edik-kg
2017-04-15 09:46:39
Мчстен барып текшеришпейби канча адамдар кыйналып жатышат
+2
bond02
2017-04-15 10:00:34
Жонокой эле нерсе экен го, проблема кылбай ошол айылда менчик погрузчик болсо сооп учун деле арыраак суруп койсо болчудай.
+3
33SUUN
2017-04-15 10:20:08
bond02,погрузчик эмес автокран дагы ордунан козгой албайт.
-2
Adil706070
2017-04-15 11:09:36
бул таштын жанын, ошол таштын коломундой чондукта терен казып ошол жерге чоктуруп салыш керек погрузчик же экскаватор менен .казган сон бир аз туртсо тушуп кетмек жолунар кенейип калат.
+6
edik-kg
2017-04-15 11:41:08
Бул нерсени кылуу коопту тиешелү адистер келип кылса жакшы болмок ал таш чооон таш биро жаримди басып калсачы
-2
Medina87
2017-04-15 17:44:03
Акыркы убактарда Элдик кабардан озгочо Озгон жана Баткен облусунун жолдору коп бериле баштады. Ош-Бишкек жолу да коз жаздымда эмес.
Элдик кабарчылар азаматсынар!!
Бала ыйлабаса эмчек кайда??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан