Жалпак-Таштагы жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде билдирди.
"Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Кысык-Алма айылындагы Чырмаш участкасында 15-апрелде жаңы пайда болгон жер көчкү жүргөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча аталган жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басып, 1 турак үйгө жакындап калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Министрликтин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Кулмаматов 16-апрель күнү саат 07:30да аталган участкага жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кеткени маалым болду.
Жер көчкү колоттун ичи аркылуу акырындык менен турак үйлөргө карай жылып келип, Мыктыбек Чырмашовдун сарайын, үйүн баскан, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып жол каттамы убактылуу токтогон. Жолду тазалоо иштери жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат.
Жер көчкү коркунучундагы үй-бүлөлөр коопсуз жерге көчүп чыгышты.
1. Мыктыбек Чырмашов (6 адам);
2. Амангелди Мамашарипов (5 адам);
3. Айтикан Мамашарипова (1 адам);
4. Азамат Чырмашов (8 адам).
Бул турак үй ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алган эмес.
Эскерте кетсек, окурман Жалпак-Таш айылында жер көчкү 5 үйдү басып калганын кабарлаган.