Башкаруучу коалиция өкмөттүн жылдык ишин "канааттандырарлык" деп тапты

17:57. Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция өкмөттүн 2016-жылкы ишине "канааттандырарлык" деп баа берди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутаттарга ыраазычылык билдирди. Эми өкмөттүн жылдык отчёту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат. Эскерте кетсек, парламентте көпчүлүк коалицияны КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары түзөт.

17:54. "Өкмөттүк түзүмдөгү бири-бирин кайталаган мекемелерди карап чыгып, айрымдарын кыскартуу маселесин карайбыз", - деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

17:49. 2017-жылдын 1-январына карата мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 3 миллион 969 миң 700 сомду түздү. Маалымат өкмөттүн 2016-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча отчётто айтылды. Парламенттеги башкаруучу коалиция өкмөттүн 1 жылдык отчётун угууну улантууда.

17:43. "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров премьер-министрден өкмөттүн түзүмүнө ыраазы же нааразы экенин сурады. Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн азыркы түзүмү менен иштей турганын айтты. Жапаров айыл чарбасында жетишкендиктер бар экенин айтып, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелип жатканын билдирди.

17:38. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакында жер-жерлерди кыдырып, жолдордун абалын көрүп чыгарын 17-апрелде парламентте өкмөттүн жылдык иши боюнча маалымат берүүдө билдирди. "Сапатсыз жасалган иштерди кайра жасатабыз", - деген өкмөт жетекчиси Бишкек-"Манас" аэропорту трассасын мисал кылды. Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар аталган трассанын курулганына бир жыл толо электе кайрадан бузулуп баштаганын айтып чыгышкан эле.

17:30. Сооронбай Жээнбеков "эл митингге чыкканды да үйрөнүшү керек. Чыгып эле милиция менен мушташпай, талаптарын айтып тарап кетүү керек. Анан чыгып алып милицияга таш ыргытса, булар да реакция кылат да" деди парламентте.

Депутат Акылбек Жапаров митингдерди көзөмөлдөгөн атайын кызмат түзүп, ал органдын кызматкерлерине башка форма кийгизүүнү сунуштады.

17:25. "2016-жылы Кыргыз жериндеги өнөр жай ишканалары тарабынан 205 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн. Өкмөттүн 2016-жылдын 26-январындагы токтому менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо-4" долбоорунун алкагында 2016-жылы дыйкандарга 4,8 миллиард сом суммасына кредит берилген", - деп айтылат өкмөттүн жылдык отчётунда.

17:18. “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Кыргыз мигранттарынын келечеги, алардын пенсияга чыгуу маселесин көтөрдү.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдиргендей, Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирип жатканда Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения боюнча келишимдин долбоору толук бойдон каралып чыккан. Анын айтымында, Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйынында вице-премьер-министрлердин деңгээлинде бул маселе каралат. Андан кийин премьер-министрлер карай турганын кошумчалады.

17:08. Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция: КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары өкмөттүн 2016-жылкы отчётун угууда. Депутаттардын көпчүлүгү өкмөттүн ишин мактап, Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинети мыкты иштеп жатканын айтып жатышат. Депутаттар тарабынан премьердин, министрлердин шаштысын кетирген ачуу сындар, ыкчам жооп талап кылган курч суроолор бериле элек. Депутаттар "жашоо реалдуу түрдө жакшырып жатканы көрүнүүдө" деген сөздү көп колдонууда. Суроо-жооп уланууда.

16:56. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин 70 пайызында иш кагаздар расмий тилде жүргүзүлүп жатканын айтты. Премьер-министр Жээнбеков кыргыз тили боюнча көйгөйлөр бар экенине токтолду.

"Мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку жана азыркы жетекчилери менен бул маселени талкуулаганбыз. Мурда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каражат бөлүнчү эмес. 2013-жылы улуттук стартегия кабыл алынгандан бери 243 миллион сом бөлүндү. Аталган комиссия каражатты иштете албай калган учурлар болду. Май айында министрликтин, мекемелердин жетекчилерин чогултуп, тапшырма беребиз. Анда кайсы министрлик кыргыз тили боюнча начар, жакшы, орто иш алып баратканын аныктап баа беребиз", - деди өкмөт башчы.

16:53. 2016-жылы Кыргыз мамлекетиндеги кесиптик лицейлерде студенттердин саны 2000 адамга көбөйүп, 30 503 студентти түздү. Маалымат 17-апрелде өкмөттүн жылдык отчётунда айтылды. Колледж студенттеринин саны 1000 адамга көбөйүп, 2016-жылы 90 585 студентти түздү. Жогорку окуу жайлардын студенттеринин саны 25 миң адамга азайып, 174 миң студентти түзгөнү айтылды.

16:48. Өкмөттүн отчёту: "Баштапкы класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берүү долбоору менен мектептерди камтуу кеңейтилүүдө. 2015-жылы ысык тамак 788 мектепте берилсе, 2016-жылы бул долбоорго дагы 115 мектеп кирди. Мектеп мугалимдеринин орточо маянасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алгачкы жолу өлкөдөгү орточо реалдуу эмгек акыга теңелип, айына 13 824 сомду түздү".

16:32. Депутат Мурадыл Мадеминов өкмөттүн ишин мактады. "Жакшы иштер жасалып жатат, муну элге жеткире билүү керек. Жакында президенттик шайлоо. Оппозиционерлердин максаты эптеп бийликке келүү, алар жакшы иштер болуп жатса да баары жаман дешет. Андай саясатчылар азыр атка минип алып жер-жерлерди кыдырып башташат", - деген депутат салык жыйноо жагындагы жылышты мисал кылды.

Премьер-министр Жээнбеков жасалган жакшы иштерди элге жеткирүү иши аксап жатканын моюнга алды.

16:24. Сооронбай Жээнбеков автокырсыктарга эмнелер себеп болуп жатканын айтты. "Мас абалында унаа айдап жатышат. Мунун айынан өзүнүн да, башкалардын да өмүрү кыйылууда. Телефондо сүйлөшүп алаксып жатышат", - деди премьер-министр.

16:20. 2016-2017-окуу жылында мектептердин саны 2236га чейин көбөйүп, азыркы учурда мектептерде 1-класстан 11-класска чейин 1 миллион 175 миң 780 бала билим алууда. 2016-жылдын аягында мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 83,6 пайызды түздү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 4 пайызга көбүрөөк. Маалымат өкмөттүн 17-апрелдеги отчётунда айтылды.

16:16. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авариялык абалдагы мектептердин баары быйыл оңдолуп бүтө турганын айтты. "Президент 2017-жылы авариялык мектептерди оңдоо боюнча тапшырма берген. Азыр объекттердин баарын бүтүрүүгө 9 миллиард 600 миллион сом керектелип жатат", - деди ал.

16:12. Балыкчы-Корумду жолу оор маселелердин бири болду. Жолдун курулушун бүтүрүүгө быйыл 1 миллиард сом бөлөбүз деп жатабыз. Бул акча президентибиз таап келген акча, билесиңер бюджетте акча жок.

16:08. Мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 2017-жылдын
1-январына карата 360 миң адамды түздү. Маалыматты 17-апрелде өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 275,9 миң адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөдү. Ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 84,3 миң адамды түздү.

16:04. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүү сунушун айтты.

"Сооронбай Жээнбековду бир жыл мурун ишеним көрсөтүп премьер-министр кылып шайладык эле. Ишенимибизди аткардыңыз. Отчёттогу жетишкендиктерди жер-жерлерден көрүп жатабыз. 2017-жылы дагы мындан да жакшы иштерди аткарат деп ишенем. Мугалимдердин, врачтардын айлыгын көтөрүп берсеңиз", - деди ал.

Депутат Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу башталса, унаа тыгындары баштала турганын айтып, Бишкек-Кара-Балта багыты боюнча атайын поезд каттамын ачууну сунуштап, Сооронбай Жээнбеков поезд жүргүзүүнү колдой турганын белгиледи.

16:00. Бишкек-Кара-Балта трассасынын ортосун бөлүп турчу бетон тосмолор коюлат. Маалыматты 17-апрелде парламентте транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди. Депутаттар автокырсыктардын көбү унаалардын каршы тилкеге чыгып жатканынан болуп жатканын айтышып, коопсуздук үчүн аталган трассаны бетон тосмо менен бөлүү зарылдыгын айтышкан эле.

15:57. Бишкек-Кара-Балта трассасын жаңылап куруу иши катуу көзөмөлдө болот. Муну 17-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирип: "Бул долбоор саясатташып кетти, көп сөздөр айтылууда. Бирок жолдун курулушу өз убагында бүтөт", - деди.

15:54. Басма сөз эркиндигинин индекси. Кыргыз Республикасы 2015-жылдагы
88-орундан 2016-жылы 85-орунга жылып, 3 позицияга көтөрүлдү. Бул индекс боюнча Кыргыз мамлекети Тажикстан, Украина, Орусия, Беларусь, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн алдыда турат. Маалымат 17-апрелде өкмөттүн жылдык отчётунда айтылды.

15:50. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери 28 премьер-министр алмаштырганын айтты. "Өкмөт башчыны алмаштырууда рекорд коюптурбуз. Реформа болбой жатат дейбиз. Бирок реформа кылганга 2 жыл керек болот экен", - деди ал. Мындан тышкары ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таш-Көмүргө база ачып берсе жакшы болмок экенин, анткени аймактагы коопсуздукту алдын алууга техника жетишпей жатканын айтты.

Аталган министрликтин башчысы Кубатбек Боронов ӨКМнын Жалал-Абадда базасы бар экенин билдирип, мобилдик топ Таш-Көмүрдө жайгашканын айтты. Ошондой эле техника жагынан көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

15:47. 2016-жылы Кыргыз жеринде пенсионерлердин саны 617 миң адамды түздү же
2015-жылдагыдан 12,6 миң адамга көп. Ал эми пенсиянын орточо суммасы 2017-жылдын 1-январына карата 5078 сомду түздү же 2015-жылга салыштырмалуу 325 сомго көбүрөөк. Маалымат 17-апрелде өкмөттүн жылдык отчётунда айтылды.

15:40. Өкмөт: Кыргыз айылдарынын ичинен 267 айылдын суу менен камсыздоо системи 1950-1960-жылдары, 595 айылдыкы 1980-жылдары курулган, ал эми 390 айылда суу менен камсыздоо тармактары таптакыр жок.

15:35. Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы заманбап технологияларды пайдаланып шайлоого даярдануунун биринчи этабы бирдиктүү мамлекеттик регистринин түзүлүшү болгонун айтты. "Бул регистрде шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү негизги булак катары жарандардын биометриялык маалыматтары да бар. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессинде биометриялык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана аларды идентификациялоону, автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды пайдалануу менен шайлоочулардын добуштарын автоматтык эсептөөнү караган жаңы шайлоо модели ишке киргизилди", - деди ал.

15:30. Премьер-министр: "Дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыккандардын жалпы саны 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 780 000 адамды түздү. Ар бир 1000 адамдын 130у спорт менен туруктуу машыгат.

15:28. Былтыр өлкөдө орточо эмгек акы 14 492 сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 9,8 пайызга көбөйдү. Айлыктар билим берүү, кен казуу, энергетика, транспорт, искусство тармагында олуттуу жогорулады. Маалыматты премьер Сооронбай Жээнбеков билдирди.

15:21. 2016-жылы Кыргыз мамлекетинде республикалык бюджеттин эсебинен 278 социалдык объектинин курулушу каржыланды. Мунун 97си курулуп бүттү. Маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентте башкаруучу коалицияга отчёт берүүдө билдирди.

15:19. Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, 2016-жылы Кыргыз жерине келген инвестициялардын 40 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келди. Кыргыз мамлекетинин товар экспорттоосу жыл ичинде 5 пайызга жогорулады.

15:15: Премьер-министр: “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” программасы ишке ашырылды. Былтыркы жылы кризиске каршы 87 иш-чара каралган. Бир жылда программанын 90,2 пайызы ишке ашырылды. “Ишеним жана биримдик” программасы кабыл алынган, анын алкагында 269 иш-чара каралган. Анын ичинен 79 пайыз иш-чара аткарылган, 7 пайызы аткарылган эмес, 14 пайызы планына которулган. Бул иш-чаралар негизинен тышкы жана ички жагымсыз факторлордун кыйла катуу таасир тийгизген мезгилинде экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү жана социалдык стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган".

15:13. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз мамлекети 2016-жылы коррупцияга каршы индекс боюнча 2015-жылга салыштырмалуу артка чегинди. Бирок бул индекске жаңы мамлекеттер кошулгандыгына байланыштуу мамлекетибиз өз ордунда калды, 136-орундабыз.

Жогорку Кеңеште 17-апрелде өкмөт жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча коалициялык көпчүлүккө отчёт берүүдө. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышууда. Өкмөттүн ишине парламенттеги башкаруучу коалиция кандай баа берет, жыйындын аягында билинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан