Бүгүн, 17-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеш 26-апрелге чейин президенттик шайлоо өтүүчү күндү бекитиши керек. Учурдагы Конституция боюнча президенттик шайлоо 19-ноябрда эмес, 27-августта өтүүсү тийиш. Мындай билдирүүсү менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бүгүн маалымат жыйын өткөрүштү. Алар учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аяктоочу күнүнөн улам бул датаны айтып жатышат. Алсак, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2011-жылдын 1-декабрынан старт алган. Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, өлкө башчысы 6 жылга шайланат. Баш мыйзамда кийинки президентти шайлап, тактап жетишкенге чейин иштеп жаткан президенттин мөөнөтү кошумча 10 күн же 80 күнгө узартылат деген өңдүү норма жок. 20 күндүн ичинде добуштар саналып, 3 күндүн ичинде жарыяланып, 30 күндүн ичинде Жогорку Кеңешке ант берип, анан кызматка киришет. Бул убакыт эгер президенттик шайлоо бир тур менен жыйынтыкталса гана. Эгер шайлоо 2-турга уланса, чындыгында мындай болуу мүмкүндүгү жогору, анда кошумча дагы убакыт керек болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоо өтүүчү күн катары 19-ноябрды көрсөтүүдө. Жогорудагы жагдайларды эске алганда келерки президент 1-декабрда кызматты өткөрүп алууга жетишпейт. Демек, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү Конституцияны бузуу менен узартылышы мүмкүн. Мындай жол менен барсак, “Кумтөр” окуясына канчалаган жылдардан бери улам кайрылып жаткан өңдүү мындан 10 жылдан кийин дагы президенттин 1-декабрдан кийинки легитимдүүлүгү маселесине кайтып, талашып-тартышып жүрүү коркунучу жаралууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы менен президенттик команда Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянууда. Анда президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктоочу айдын 3-жекшембисинде өтөт деп белгиленген. Бул топ Баш мыйзамда жазылган нормалар биринчи орунда экендигине көз жумганы турат. Алсак, Super.kg порталы шайлоо өтүүчү күн 19-ноябрь деген маалымат айтылган маалда эле Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. “19-ноябрда президенттик шайлоо өтсө, жаңы шайланган президент 1-декабрда учурдагы ажодон кызматты өткөрүп алууга жетишпейт. Эгер шайлоо 2-турга уланса, ал 3-декабрга белгилениши керек болот. Анда өлкөдө президенттикти ким аркалайт?” Мындай суроолорго БШКда мыйзамга таянган так жооптор жок. БШКнын өкүлү учурдагы шайлоо өткөрүү технологиялары добуштарды бат эле эсептеп чыгууга жол берерин айтып, “шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу анчалык созулуп кетпесе керек”, - деген жоромолдуу жооп менен чектелген. Ал эле эмес, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов “азыркы президент жаңы президент кызматына киришкенде гана ыйгарым укуктарын ага өткөрүп берип, кызматтан кетет”, - деген жооп узаткан.
Президенттик шайлоонун Баш мыйзамга ылайык өз маалында өтүүсү “Ата Мекенге” мыйзамдуулук, президенттин легитимдүүлүгүнөн башка дагы эмне берет? Жообу түшүнүктүү. Учурда абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге президенттикке талапкер катары катышууга жол берет. Анткени анын статусу учурда айыпталуучу. Мыйзамга ылайык, соттолгон адам президенттик жарышка катыша албайт. Шайлоо 27-августка белгиленсе Өмүрбек Текебаев соттолуп, өкүм күчүнө киргенге чейин талапкер катары катталып жетишүүсү мүмкүн. Сот өкүмү күчүнө кириш үчүн райондук соттон тартып Жогорку Сотко чейинки узак жолду жана мыйзамда көрсөтүлгөн убакытты басып өтүүсү керек болот. “Ата Мекен” жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары муну жакшы түшүнүп турушат. Ушундай эле аракетти оппозициянын дагы бир өкүлүнүн командасы, тактап айтканда, Садыр Жапаровдун командасы көрүшү мүмкүн.
Бүгүн “Ата Мекендин” маалымат жыйынынан тартып убакыт таразага коюлду. Тараза ташы кайсы жакка оойт? Мыйзамдуу түрдө президенттик шайлоо өтө турган күндү бекитүүчү Жогорку Кеңешкеби же Өмүрбек Текебаевди соттоп жиберүүгө шашып жаткан бийликкеби?..
КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракцияларынан куралган Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн Сооронбай Жээнбеков баш болгон өкмөттүн бир жылдык отчётун укту. Өлкөдө коррупциянын деңгээли төмөндөп кеткен жок. Жалпы калктын жашоосу оңолуп кетпеди. Буга карабай коалиция өз өкмөтүнүн отчётун сындап, камчылаганга караганда көбүрөөк мактап укту. Сооронбай Жээнбековдун маалыматтарына таянсак, жыл ичинде өлкөдө орточо айлык жана пенсия өсүп, калктын 10 пайыздан ашууну спорт менен машыгууга өткөн.Товар экспорттоо 5 пайызга өскөн. Болгону бир-эки кемчилик болду. Мисалы, өлкөдө Сөз эркиндигинин индекси төмөндөп кетти. Бирок буга өтө кайгыруунун кажети жок. Анткени бул индекс боюнча Тажикстан, Украина, Орусия, Беларусь, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдөн алдыдабыз. Дагы бир жагымсыз учур Коррупцияга каршы индекс боюнча дагы 2016-жылы бир топ артка чегиндик. Премьер-министрдин айтымында, буга деле көп капа болуу шарт эмес, анткени индекске жаңы мамлекеттер кошулганына байланыштуу артка жылып кеттик.
Адаттагыдай абал. Өкмөттүн кагаздагы отчёту менен калктын реалдуу жашоосунун айырмасы асман менен жердей. Айылдарда буга чейин кандай болсо азыр деле жумуш орундары жок, боор көтөргөн уул-кыздын баары Бишкекке же Орусияны көздөй иш издеп агылууда. Эгерде аймактарда жашоо оңоло түшкөн болсо ал Жээнбеков баш болгон өкмөттүн укмуш иштеп жаткандыгынын белгиси эмес. Ал Орусияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө иштеп, айылына акча которуп жаткан эмгек мигранттарынын абалы салыштырмалуу түрдө жакшыра түшкөнүнүн белгиси.
Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн бир кемчилигин айтып, эскертүү берди. Көрсө, өкмөт көптөгөн жакшы иштерди жасап, бирок ал эмгегин элге жеткирбей жатыптыр. Коалициядагы депутаттар министрлерге жана Сооронбай Жээнбековго ушундай кеңеш беришти. Кыскача айтканда, өзүңөрдү пиарлагыла дешти...
Президенттик жарышка аттанарын элден мурун жарыялап, аксакал-көксакалдарды чогултуп бата алып, пиар кампаниясын баштаган Темир Сариев оппозиция өкүлдөрүн кармоо, камоо башталгандан бери ашыкча кадам таштабай, аярлап калган эле. Бүгүн ошол тынчтыкты бузуп мурунку премьер-министр оппозиция өкүлдөрүн тегерек столго жыйнады. Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Аликбек Жекшенкулов, Эльмира Ибраимова өңдүү жалаң экстердин катышуусунда өткөн тегерек стол учурдагы абалды жаңы нукка салуучу жаңылык же кескин жыйынтыктар менен деле коштолгон жок. Бир кезде өздөрүн “бригада” атап, атүгүл чогуу “Ата-Журт” партиясын түптөп, 2010-жылы революциялык партияларды артка калтырып, Жогорку Кеңешке жеңиштүү келишкен Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков учурда абакта жаткан Садыр Жапаровдун абалы тууралуу кеп козгошкон жок. Сариевдин тегерек столуна абайлап, артын, жан-жагын карангандар чогулуптур.
Бир нече күн мурун коомчулук мурунку эки өкмөт башчы, учурда президенттик шайлоого талапкер катары чыгабыз деп турган эки саясатчынын кайым айтышына күбө болду эле. Алсак, фракциясы менен биргеликте Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөргөн Өмүрбек Бабанов Балыкчы-Корумду жолу үчүн Темир Сариевдин өкмөтүн сындады. Темир Сариев “мен өзүмдөн мурунку кесиптештеримди сындоого, жамандоого өзүмө жол берчү эмес элем. Мурунку өкмөт башчылардын, анын ичинде Бабановдун да иштерин эч бир жерде жамандаган жок элем”, - деп нааразычылыгын айтып чыкты. Ошентип президенттик жарышта атаандаштар бири-бирин каралоо аракеттерине өтүштү...