"Ата Мекен": Президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек

Бүгүн, 17-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко билдирүү жасашты.

Алмамбет Шыкмаматов: "Конституцияга ылайык, президент 6 жылга шайланат. Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт. Андан ашык 1 саат кызматта турса мыйзамсыз болот. Шайлдабекова президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрүн билдирди. Биз муну мыйзамдарды бузуу деп эсептейбиз. 1-декабрда жаңы президент кызматына киришип калышы керек. Экинчи тур, жана башка процедураларды эске алганда президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек. "Ата Мекен" фракциясы 26-апрелден кечиктирбестен президенттик шайлоону 27-августка дайындоо чечимин кабыл алды. Тийиштүү токтом долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан