Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков БШК президенттик шайлоо күнүн туура белгилегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, "Ата Мекен" фракциясы туура эмес билдирүү жасаган. "Конституциянын 63-беренесинин 2-бөлүгүндө президенттин ыйгарым укуктары жаңы президент ишине киришкенден тартып токтотулат деп жазылып турат. Жаңы президент ант бергенде мурдагы президенттин ыйгарым укуктары токтотулат. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары туура эмес ойлонуп жатышат. Алар Баш мыйзамдын бул беренесин карабай жатышат", - деди ал.
Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоо керектигин айтып чыгышкан. Депутаттар Конституциянын 61-беренесине (президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат) таянып "Конституцияга ылайык шайлоону 27-августка дайындоо керек. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт. Бул учурда азыркы президент кызматта туруу мөөнөтүн узартып алат" дешкен.
Ал эми БШК болсо мыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө.
Укук коргоочу Чолпон Жакупова "Ата Мекен" фракциясынын президенттик шайлоону 27-августка дайындоо боюнча билдирүүсү туура" деди.