Бүгүн, 19-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга жана тартипке багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер - парламенттик азчылыкка кирген "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары. Маанилүү сунуштардын бири - бул депутаттарды жыйналыштарга катышууга милдеттендирүү. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда бир айдын ичинде парламенттик жыйындарга жүйөлүү себептерсиз 3 жана андан ашык жолу катышпаган депутаттардын эмгек акысынын 50 пайызы кыскарат. Бул демилге мыйзамды жана шайлоочуларды сыйлаган өлкөлөрдө таң калыштуу угулмак. Анткени депутаттарды түздөн-түз милдеттерин аткарууга кошумча мыйзамдар, айлык акысын кыскартып салуу чаралары менен мажбурлап иштетүүгө аргасыз болуп жатабыз. "Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт" болуп, иштегиси келбеген депутаттар анда айлык акысы үчүн гана аргасыздан келип башташабы? Жогорку Кеңештин мындай абалы кайгылуу көрүнүш. Ошентсе да бул демилге шайлоочулардын колдоосуна татыйт. Кээ бир учурларда парламенттин пленардык жыйындарындагы талкуулар 20га жетпеген депутаттардын катышуусунда өтөт. Мындай көрүнүш эл арасында нааразычылыктарды жаратпай койбойт. Ошол эле учурда айрым депутаттар мындай демилгеге каршы чыгышты. "Шнобель" сыйлыгына ээ боло турган демилгелери менен көзгө түшкөн депутат Тазабек Икрамов ("Өнүгүү-Прогресс") РАЖдын бул демилгесине "популисттик" деп баа берди. Икрамов жеткире айтып бере албаган ойду анын кесиптеши Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") түшүндүргөнгө аракет кылды. "Депутаттар эл менен жолугушат, тегерек столдорго катышканы барышат. Ал эми командировкага баратканда фракция лидеринен суранып барып, келгенден кийин отчёт берет деген туура эмес", - деди Жумабеков. Демек, жакшы идеянын артында жашырылган кынтык бар. Сунушталган долбоордогу 86-беренеде депутаттын жок болушунун себебин жүйөлүү деп таануу бийлиги Жогорку Кеңештин спикеринде же фракция лидеринде болот экен. Ушул пункт бир топ депутаттарга жаккан жок. Садык Шер-Нияздын ("Ата Мекен") пикиринде, бул долбоор депутаттык ишмердүүлүктү жакшыртканга караганда көбүрөөк спикер менен фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Андыктан депутаттарды айлыгын кыскартуу жолу менен өз милдеттерин аткарууга үйрөтүү жыйынтык бере турган ыкмадай көрүнбөйт. Парламенттин азыркы чакырылышындагы депутаттардын арасында тартип орнотуу зарыл экени талашсыз. Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик өлкө болгондуктан, мыйзам чыгаруучу органдын коомдук-саясий ролу жогору. Жогорку Кеңештин депутаттар курамы көбүнесе акчалуулардан куралганы жашыруун деле эмес. Олигарх депутаттарды айлыгын кесүү менен тарбиялоо аракетинен майнап чыгарына ишениш кыйын...
Баш калаада транспорт жаатындагы көйгөйлөр, анын ичинде маршруттук таксилерге байланыштуу маселелер курч бойдон калууда. Дем алыш күнү эл ташыган кичи автобус менен жеңил унаанын кагылышуусу коомчулуктун көңүлүн бурду. 16-апрелде кечке жуук Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыгына күбө болгондор жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой жолун улантканын айтышкан. Кичи автобустун ичинде 15 жүргүнчү болгон. Бул кырсыкка күнөөлүү делген коомдук транспорт "Мейкин" уюмуна таандык экени аныкталып, эми бул ишкана жүргүнчүлөрдү ташууга укук берген лицензиядан айрылары күтүлүүдө. Унаасына ондогон адамдарды салып алып, алардын өмүрүнө болгон жоопкерчилигин унутуп коюп жол эрежесин бузган айдоочулардын мындай окуялары аз эмес. Бир мисал, өткөн жылы сентябрь айында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы болуп, анда жабыркаган кыздын колун дарыгерлер кесүүгө аргасыз болушкан. Активисттер эреже бузган эл ташуучу коомдук транспорттордун жана такси кызматтарынын айдоочуларын катуу жазага тартууну сунуштап чыгышты. Анда кичи автобустун айдоочулары көптөгөн кырсыктарга, ызы-чууларга себеп болсо да, тийиштүү деңгээлде жазаланбай келишерин жана жол эрежелерин билишпесин белгилеген. Өлкөдө жол эрежелерин сактоо талабы күчтүү эмес: аялдамаларда токтоо талабы аткарылбайт, айдоочу каалаган жерде токтоп жүргүнчүнү алып же түшүрүп кете беришет, ошонун айынан жолдордо башаламандык көп. Аялдамада гана токтоп, элди түшүрүүнү же салууну МАИ кызматы талап кылышы керек. Дегеле коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежелерин бузуулары, шаарда унаа тыгындарынын жаралышына себепчи болушканына нааразычылык күч. Укук коргоо органдары 2016-жылы ноябрь айында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд өткөрүшкөн. Анын негизинде 35 кичи автобустун айдоочусуна жол эрежесин бузгандыгы боюнча протокол түзүлгөн. 18 айдоочу жол эрежеси боюнча сынак тапшырып, жыйынтыгында бири да сынактан өткөн эмес. Жол эрежесин билбеген айдоочунун коомдук унааны айдап жүргөнү, жарандардын коопсуздугуна кепилдик жок деген кеп. Бул көрүнүш жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын аты өзгөргөнү менен, заты оңдолбой жатканын, бул тармакта баягыдай эле паракордук күчүндө экендигин билдирет...
Ажо менен Башкы прокурордун жолун улай "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров "журналисттерди ооздуктамакчы" болуп чыкты. Бүгүнкү жыйында ал журналисттер өздөрүнүн кирешелери тууралуу бир тыйынына чейин элге отчёт беришсин деп чыкты. "Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт", - деп нааразы депутат. Ал ММКлардын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн Кылмыш кодексине да, Административдик кодекске да өзгөртүү киргизүү керек дейт. Журналисттердин бир тыйынынан бери эсептегиси келген бул депутат өзү байлыгын тыйынына чейин эсептеп берди беле деген суроо жаралат. Баш калаанын так ортосундагы көк тиреген отелди кайсы айлыгына жана кайдан келген акчага салганын депутат айтып бере алабы? Журналисттер Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, президенттик аппараттын, министрликтердин, дегеле мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн, алардын жетишкендиктерин жана кемчиликтерин, былык иштерин коомчулукка көрсөтүп турат. Муну жакшы түшүнгөн мурдагы журналист, учурдагы депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеш менен ММКлардын ортосундагы ажырымды жоюу керектигин сунуштады. Акаевдин ою боюнча, айрым ММКларда өлкөдөгү бардык көйгөйлөргө парламент күнөөлүү дегендей пикир калыптанып калган. Ал эми депутаттар “мен иштеп жатам, бирок аны эч ким көрбөйт” деп журналисттерди күнөөлөйт. 120 депутаттын бардыгы "Эл үчүн" деп парламентке келгенден кийин аталган ураанынан тайбай берилип иштесе, өлкө бир аз да болсо оңолмок. Жогорку Кеңеш өзүнө ыңгай түзүүнүн ордуна мигранттардын, пенсионерлердин, студенттердин көйгөйлөрүн чече турган өкмөттү көзөмөлдөсө жарашмак. Бул алардын негизги милдети. Мындай жол менен бара берсек ушак жазгандар көңүлдөн тыш калып эле чындыкты билип, сындап жазып жаткандарды, өздөрүнө жакпаган маалыматты жазгандарды ооздуктоо башталат. Андайда өзүбүздү "Демократия аралы" атай албай калабыз...