Бүгүн, Бишкек шаарындагы Эркиндик гүл багында "Китеп күнү" майрамы өтүүдө. Анда ата мекендик, чет элдик жазуучулардын түрдүү жанрда китептери жарманкеге коюлган. Мындан тышкары шаардагы окуучулар келип, "Биргеликте окуйбуз" долбоорунун негизинде түрдүү кызыктуу оюндардын коштоосунда, китеп, чыгармалар менен таанышып жатышты.
"Учурда тамеки, арак сатылып жатат, бирок китеп сатылбайт. Мен муну жазуучулукка арнаган көп жылдык өмүрүмдө көрүп келе жатам. Китеп окуй турган курактагы балдардын саны 1 миллион 200 миң болсо ошолорго чыгарылган китептин саны болгону 100 миң. Калганы окубайт да. Чыгарган менен сата албайсың. Убагында балдарга китеп чыгарууда өзгөчө көңүл бурулчу, анткени балдар окуган китептер менен биз өлкөнүн келечегинин пайдубалын түзөбүз", - деди өз сөзүндө Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров.
К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын башчысы Роза Султангазиеванын айтымында, мындай көргөзмө 1995-жылдан бери уюштурулуп келүүдө.
"Бизди кубандырганы жыл өткөн сайын катышуучулардын саны көбөйүүдө. Иш-чаранын негизги максаты балдардын көңүлүн китеп окууга буруу. Ата-энелерге да балдарына пайдалуу китеп сатып берип, аны окуганга үйрөтүү жолдору айтылат", - дейт Султангазиева.
Бул жарманкеге жыл сайын келгендердин бири Кыргыз эл жазуучусу Надырбек Алымбеков. Ал жазуучулардын китептери учурда оңой эле сатылып кетпегенин белгиледи.
"Мына мен жыл сайын келем. Китептер чыгат, турат кайра кечинде жыйнап кетишет. Китеп сатып алып жаткан деле бир кардарды көрбөйм. Жазуучулар өзүбүз келебиз, бири-бирибизге китептерди белекке беребиз. Учурда интернет бар деп интернетке шылтагандар көбөйдү. Интернеттен кыргыз жазуучулардын китептери жокко эсе. Мына мен өткөн жылы өтө көп мээнет, каражат коротуп 10 томдугумду чыгардым. Сатканда өтө кыйналдым, башымды жерге сайып иштеп саттым. Кээ бир учурда китеп жазгандыгым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кеткен жагдайлар болду. Андыктан бизде билим алып жаткан ар бир бала, окуучу адабиятты, китепти окубаса анын билими тууралуу бир да күбөлүк бербей турган системди иштеп чыгыш керек. Советтер учурунда "ликвидация безграмотности" деген түшүнүк бар эле, анда карысы жашы дебей китеп окутуп, сабатсыздыкты жоюшчу. Ошондой мамиле ушул учурда да керек", - дейт жазуучу.
Анткени менен чет элдик жазуучулардын жана чет тилиндеги китептерге талаптар артып жатканы байкалды.
"Англис тилиндеги котормо китептерди сатабыз. Учурда англис тилин үйрөнүүнү каалагандар көп болгондуктан кардар көп. Мындай жарманкелерде биз окурмандарыбыздын санын көбөйтөбүз", - деди жарманкеде китеп сатып жаткан сатуучу.
Бишкек шаарынын тургуну Исраил Саипов гүлбак аркылуу өтүп бара жатып капысынан көргөзмөгө туш болгон. Азыркы учурда да китепке кызыгуу арткандар бар экенинен шек санабайт.
"Азыр да китепке кызыгып окугандар бар. Мына, мен акыркы чыккан китеп, журнал, гезиттерди калтырбай окуйм. Үйүмдө китепкана бар, азыр өтүп баратып, кызыгып кирип карап чыктым. Небереме сүрөттүү китеп алып берүүгө үлгүрдүм", - дейт ал.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнүн соңунда уюштуруучулар тарабынан бир катар жазуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.