Бишкектин Ала-Тоо-3 жаңы конушунун эли 5 жылдан бери чаңы сапырылган жолдор оңдолбогонуна нааразы

Бишкектин Ала-Тоо-3 жаңы конушунда унаа жолунун абалы оор. Жаңы конуштун көчөлөрү унаа өткөн сайын чаңдап жатат.

Жашоочулардын айтымында, күн сайын мектеп окуучулары чаңдуу жолду жээктеп мектепке барышат. Аба ырайынын жаан-чачындуу күндөрүндө жол ылай болуп айдоочуларга да, жашоочуларга да ыңгайсыздык жаратат. Мындан улам жергиликтүү жашоочулар жолдорду оңдоого өздөрү аракет көрүп башташкан. Ал үчүн ар бир кожолук 4 миң сомдон каражат чогултууда.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун жолдордун абалы начардыгынан өкмөт башчыларына жана шаар мэрине нааразычылык билдирди.

"Өспүрүм балдар мындай турсун чоң кишилер чаң жутуп жашап жатабыз. Чоңдорубуз элдин эртеңин ойлобой калышты. Жолубузга асфальт төшөп берсе болмок. Акыркы 5 жылдан бери эл катуу кыйналды. Сапырылган чаң үйгө чейин кирет. Бишкекте жашап туруп өлкөнүн алыскы айылында жашагандай күн кечирип жатабыз. Эртең менен, кечке маал маршруттук унааларда жүргүнчүлөр көп болуп кыйналабыз", - дейт жергиликтүү тургун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
scorp
2017-04-25 23:12:21
ушундай койгойлорду коп коп жазгыла, анан Садыр менен Текебаев камалып жатабы же чыгыпбы элге кызыксыз, элдин жашоосун жайылтсанар коп коп уялгандарынан аракет кылышар, анан АША миллионер экен тигисин сатыптыр моону сатып алыптыр деген жанылыктар элге кызыксыз, анан жогорудакылар билсин жеткиргиле элдин унун эч коркпогула ачык жаза бергиле баарын...
+1
Ulan2601
2017-04-26 07:44:20
scorp,Баарын жазсан толтура проблема анын баарын айта берсен Сооронбайдын журогу ооруп калбасын
+1
aza22
2017-04-26 00:51:57
Tuura soz, uwunday problemalardy talawkylachy Jogorku kenewten, komissiya tuzgulo, jerine baryp korgulo, akcha bolgulo. Urmattu bizdin chondor silerge aytarym Jegile birok eldida oilop jegile, ar bir nersenin chegi jana joopkerchiligi bar. Eldin koigoyun chechip koyup jep jatabergile antkeni bizdin sayasiy elita ech kechan onolboit sebebi biznesmender baardygy
+1
ayjan_90
2017-04-26 01:41:10
Ааааиии бул жолдорго караганда мен Баткенде турсам да жолубуз жакшы тегиз
+2
Shakek
2017-04-26 06:13:20
Мен жекшеби куну барып келдим.Жолдун абалы аябай начар экен.Суу жок водавоз менен куйдуруп алат
+1
star....
2017-04-26 06:53:37
интернетке жазгандан пайда жокчу андан коро,айылыбыздан газ. комур. чыкты ж.б.у.сларды айтсанар оздоруле башы айланып барып калышат анан айтып жата бересинер
-1
uikuchu7
2017-04-26 07:37:47
Азыр жолдору эле проблема болуп атат, мен жашаган убакта свет, суу деген нерселер да проблема болчу. Азыр акырындан чечилип келе атат. Жолдор дагы оңдолоор..
+2
AZA.KG
2017-04-26 14:11:04
Документтерида буто элек! Качан буторуда белгисиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан