Элдик Банк жаңы продукту – «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» жеңилдетилген насыяларды сунуштайт.
Бул продукт сүт жана багбанчылык кластерлерин өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүн колдоо үчүн иштелип чыккан.
Насыянын негизги шарттары:
- пайыздык чен: жылына 6% (натыйжалуу пайыздык чен — 6,16%)
- сумма: 1000 000 сомго чейин — сүт жана багбанчылык кластерлеринин катышуучулары үчүн;
10 000 000 сомго чейин — айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген ишканалар жана жеке ишкерлер, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк чарбалары үчүн.
- аймактар: Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустары.
Насыяны ким ала алат?
Сүт кластеринде иш алып барган мал чарба субъекттери;
Багбанчылык тармагында иштеген өсүмдүк өстүрүүчү чарбалар;
Айыл чарба ишканалары жана жеке ишкерлер.
Айыл чарбасын колдоо – Элдик Банктын маанилүү багыттарынын бири.
Насыя алуу шарттары тууралуу кененирээк маалыматты «Элдик Банктын» бөлүмдөрүнөн жана 9111 номери аркылуу билсеңиздер болот.
Лицензия НБКР №033