Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча даттанышты. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Текебаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна арыз жазып, Биринчи Май райондук сотунун аны 25-майга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранууда.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга (2017-жылдын 25-апрелине чейин) камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылган. Мындан улам 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырган.