Бишкекте 3 айдан бери дайынсыз делген 23 жаштагы Талгат Кенжебаев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы Талгат Кенжебаев үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Бою 180 сантиметр, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, чачы кара, көзү күрөң, мурду кырдач. Ошол күнү кара көгүш күрмө, кара свитер, көк түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде сүрөттөгү бала тууралуу маалымат билгендер болсо, 0 703 45 05 53, 0 553 102 465, 0 312 35 26 71 телефон номурларына чалсаңыздар болот.