Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарында Чернобылдагы жардыруудан курман болгондор, жабыр тарткандар эскерилди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ашим Осмонов, Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.
Белгилүү болгондой, атомдук станция жарылган соң ликвидациялоого Ош шаарынан жалпысынан 104 адам барган. Азыркы тапта алардын 38инин көзү тирүү. Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Чернобыль окуясында каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Иш-чаранын алкагында, шаардык мэрия тарабынан Чернобыль апаатынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берилди.
Айта кетсек, 1986-жылы 26-апрелде "Чернобыль" АЭСи аварияга учураган. Авариянын кесепеттерин жоюуга СССРдин бардык аймактарынан мобилизацияланган 700 миңге жакын, анын ичинде үч миңден ашык Кыргыз жарандары катышып, ар кандай дозалардагы радиоренгендик нурларга кабылып, алардын бир бөлүгү өмүр бою майып болуп калышкан. Радиоренгендик нурлардан авариядан кийинки алгачкы күндөрдө 4-реактордо түздөн-түз иштешкендер өзгөчө көп жабыр тартышып, анын кесепеттеринен 3 айдын ичинде 31 адам көз жумган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, өткөн чейрек кылымдын ичинде Чернобылдагы АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуда иштешкендерден 5 миңге жакын адам каза болгон.