Депутат Дастан Бекешев: "Кыргыз мамлекетинде дарынын баасы коңшу өлкөлөрдүкүнөн кымбат болууда"

Бүгүн, 26-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ЕАЭБ өлкөлөрүндө дарылардын баасы ар кандай болуп жатканын айтты. Анын айтымында, бир дарынын баасы Кыргыз мамлекетинде 5 миң сом, Казакстан 3 500 сом, Орусияда 3 миң сом болуп жатат. Депутат баалар эмнеге ар кандай болуп жатканына кызыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев азыркы учурда өкмөт же министрлик дарынын баасын жөнгө сала албай турганын билдирди. Мисалы, 350 адам ооруган дарыны алып келүүгө эч ким кызыкдар болбой турганын айтты. Алынып келинген дарылардын баасы ошон үчүн кымбат болуп жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

Учурда өкмөт демилгелеген “Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө” жана “Дары каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Atas
2017-04-26 14:08:43
Tuura KGZda ozuncho ele biznes bolup ketti
0
aikokul14
2017-04-26 14:26:02
Дарыканалардын баасын ким жөнгө салат экен,эң эле жөнөкөй кальций глюконат таблеткалары Россияда 2 рубль,бизде 10 сом.
-1
raykray
2017-04-26 15:40:08
бизде экономика ХХХ тушунбойсун даарылар эле эмес баары жок кымбат же Москва мн бирдей,Бирок айлык аз сапаты ото начар?!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан