Байтик айылынын тургуну жер үлүштөрүнүн мыйзамсыз сатылып кеткендигин айтып, өкмөткө кайрылды

Байтик айылынын тургуну Жолдошбек Сыргаков бүгүн, 26-апрелде өткөн маалымат жыйынында айыл аймагындагы жер үлүштөрүнүн мыйзамсыз сатылып кеткендигин билдирип, бул маселени өкмөттүн карап берүүсүн өтүндү.

Ал: "Айдоо жерлер жеке ишкерлерге, Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине мыйзамсыз түрдө сатылып кеткен. Уруксат жоктугуна карабай ал жерлерге курулуш объектилерин салып жатышат. Өкмөттөн бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүп берүүсүн суранабыз. Мен бул көйгөй боюнча көп убакыттан бери тийиштүү органдарга кайрылып келгениме карабастан, эч кандай жыйынтык болгон жок. Арыздарыма байланыштуу мага карата коркутуулар болуп жатат. 90-жылдары Байтиктин аймагынан өкмөткө деп 986 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Азыр анын 516 гектары гана калыптыр. Калган жерлер каякта деп акимге кайрылсак, жер үлүшү жетпей калган адамдарга берилген деп айтышты. Бирок алар "көп жылдык жер аянттары боюнча сынак өткөрүп, аны бир эле адамга сатып салалы" дешип элдин атынан өкмөткө кат жолдошуптур. Биз ал тууралуу эч нерсе уккан эмеспиз. Мындан сырткары көптөгөн элдер өздөрүнө таандык жер үлүштөрүн ала албай жатышат", - деди.

Ал эми Байтиктин айыл өкмөт башчысы Бакыт Жунушбаев: "Жолдошбек Сыргаков айтып жаткан жер аянттары толугу менен мамлекетке таандык. Мыйзамсыз сатылып кеткендиги тууралуу маалымат жалган. Бул маселе боюнча биз атайын комиссия түзгөнбүз. Эми ал жактагы жер үлүштөрүн тургундарга ижарага берип баштайбыз", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан