Курорттогудай шартта багылып, кадимкидей кызматта турган иттердин жашоосунан фоторепортаж

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын Кесиптик жана кинологиялык даярдоо борбору Бишкек шаарынын четиндеги Ленин айылында жайгашкан. Борбордун жалпы аянты 3 гектарды түзүп, бардык инфратүзүмдүк объектилери жайгашкан.

Борбордун жетекчиси Элнура Мамбетжунушова бул жайда иттер үчүн курорттогудай шарт түзүлгөнүн айтат.

"Биздин борбордун карамагында кызматтык 12 ит багылат. Алардын бешөө өлкөнүн түштүк тарабында, калганы бул жерде. Биздин борбордо ветеринарлар, ветеринардык клиника, туут жайы, сейилдетүүчү жана машыктыруучу жерлер бар. Башкача айтканда, бул жер иттер үчүн курорт, биздин клиникадагы медициналык жабдыктар адамдарды кабыл алган клиникалардагы жабдыктардан да кымбат. Иттердин көбөйүүсү борбордо шартталат", - дейт Мамбетжунушова.

Борбордогу иттер кинологдор тарабынан баңгизаттарын, психотроптук жана жардыруучу заттарды, ок-дарыларды жана куралдарды, тоо теке, аркардын мүйүзүн, терилерин издеп табууга үйрөтүлөт.

Ар бир инспекторго бирден ит бекитилип берилип, алар бажы бекеттеринде нөөмөттө чогуу иштешет. Башкача айтканда, эң жакын кызматтык өнөктөштөрү.

Кинологиялык даярдоо борборунун бөлүм башчысы Алексей Тарасенко Вики аттуу бул итти 4 айлыгында өзүнө бекиттирип, кызматка үйрөтө баштаган. Ал азыр 3 жашта. Алексейдин айтымында, Вики борбордо туулган, тукумун иликтеп көргөндө атасы бельгиялык, энеси немис овчаркасы болгон.

Бүгүн, 26-апрелде кинологдор менен тажрыйба алмашууга Андрей Федарков Орусиядан келип, кыскача семинар өттү. Семинарда иттер кадимки ванилден баңгизат кошулган ванилди айырмалап таап жатты. Ошондой эле ящикке салынган жардыруучу заттарды таап чыгып, өнөктөштөрүн кубандырып жатышты.

Мындан тышкары иттердин дагы бир милдети өлкөнүн кызыл китебине кирген аркар, тоо текенин мүйүзүн, терисин табуу.

Борбордун бөлүм башчысы Евгений Мащенко бул жерде иштөө жөндөмү мыкты болгон иттер гана кызматка алынып, жыт сезүүсү жакшы эмес, коркок болсо борбордон чыгарыларын белгиледи.

"Иттер 8 айлык күчүк болгондон тартып 3 ай окутулат. Бул убакыт аралыгында алар жыт сезүүсүнүн күчтүүлүгүн, жумушка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү керек. Эгер ит бардык тараптан жөндөмдүү болсо кызматка өтөт. 8 жаштагы иттер карыганына байланыштуу кызматтан бошотулат. Ызы-чуудан, бийиктиктен, адамдардан, унаалардан коркпогон иттер бааланат. Жакшы иштеп, жытты мыкты айырмалап билген иттерге балык, эт, колбасанын жыттары сиңирилген оюнчуктар тартууланат. Оюнчуктар иттер үчүн жагымдуу алектенүү. Ит нөөмөткө чыккан күнү бир сутка иштеп, калган күндөрү кадимки режим менен багылат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2017-04-26 17:32:56
Сайттан ката тапсаңыз, катаны белгилеп, Ctrl+Enterди басыңыз.
0
Omurbek998
2017-04-26 18:02:29
Иттер жагатта
0
simone
2017-04-26 22:22:04
ооо, менин итимда сонун,акылдуу. Карышкыр менен немис овчаркасы аралаш!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан