Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Салттуу “суроо – жооп” форматында өткөн жолугушууда Мамлекет башчысы 2015-жылы күздө болгон жолугушууда айтылган маселелердин көбү чечилип жатканын белгиледи.

Президент Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун Чок-Тал-Чолпон-Ата тилкеси туристтик сезон башталганга чейин, июндун ортосуна карата толук бүтөрүн айтты. Мамлекет Каракол шаарынын жолдорун жаңылоого каражат табарын, ал эми облустун ири долбоорлору Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына киргизилерин кошумчалады.

Мындан сырткары мамлекет башчы туристтик сезонго даярдыктар жөнүндө сөз сүйлөп маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар эле турак жай аймактарын жакшыртууга, жаратылышка этият мамиле жасоого көӊүл буруу зарылдыгын айтты. Жолугушууга Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akil.91
2017-04-26 16:57:21
2011 саналуу гана акчачы болчу экен. Азыр болсо весь чачы ак го...
0
Kroxa
2017-04-26 18:14:30
Караколдун жолдоруна акча болунбой койду хотья болгон салыкты окмотко элден биринчи тогобуз...салык инспекциясы абдан дакшы иштейт Караколдо акча чогулкучтар..жолду карагандар иштебейт..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан