Окурман 5-апрелде "Элдик кабар" рубрикасы аркылуу Бишкектеги "Тазалык" ишканасынын унаалары техникалык кароодон өтүп турабы деген суроо узаткан. Аталган ишкананын өкүлү Рыспек Сарпашев унаалар техникалык кароодон өтүп турарын бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына кабарлады.
"Албетте, “Тазалыкта” иштеген унааларды убагы менен техникалык кароодон өткөрүп турабыз. Дөңгөлөктөрдү алмаштырып туруу үчүн атайын “Шиноцентр" менен иштешебиз. 2 күн мурун 49 дөңгөлөк алып келгенбиз. Керектен чыгарылгандарын алмаштыргандан кийин дагы 15ке жакын дөңгөлөк турат. 2 жыл мурун чындыгында аккумулятор жана дөңгөлөк боюнча маселелер бар болчу. Азыр андай көйгөй жок", - деди Рыспек Сарпашев.