Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт унаа жолу" жана "Эркечтам унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайлары 29-апрелден 1-майга чейин жабылат. Буга Кытай тараптын демилгеси себеп болгон. Анткени бул күндөрү аталган өлкөдө "Эмгек күнү" майрамы өтөт.

Жогорудагы көзөмөл-өткөрмө жайлары 2-май күнү ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gaibilla
2017-04-26 18:51:11
Түбөлүкө жаап салгылачы, бүт зыяндын баары ошол жактан келип жатат.
+2
Atas
2017-04-26 19:33:50
gaibilla, Ooba million adam koshulat sozunuzgo
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан