Кызыл-Кыя шаарында айдоочу Хундай Портердин жүк ташуучу бөлүгүндө жаш балдарды ташып бара жатканы боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Азыркы тапта Кызыл-Кыя шаардык Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп жатат. Такталган соң тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталына кайрылып, 25-апрель күнү саат 21:40 чамасында Кызыл-Кыянын 1-кичи районунда Хундай Портер унаасы жолдо жол эрежелерин бузуп, жаш балдарды салып, коомдук тартипти бузганын айткан.