Окурман 5-апрелде "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Толук айылын район менен байланыштырган жолго жер көчкү түшүп, 20 күндөн бери район менен байланыш үзүлүп, айыл эли жардамга муктаж болуп жаткандыгын 24-апрелде билдирген.
Ал жакта учурдагы абал жөнүндө бүгүн 26-апрелде SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз адиси Бегайым Канат кызы кабарлады.
"Азыркы учурда Торкен-Толук унаа жолуна түшкөн жер көчкүнү айланып өтчү жол салынган. Жеңил унаалар өтүүгө жол ачык. Торкен-Толук жолу тоолуу аймакта жайгашкандыгына байланыштуу жаан-чачындан жер кургабай жатат. Чоң жүк ташуучу унаа тыгылып калган учур эске алынып, жардам иретинде 2 даана бульдозер жеткирилген", - деди Бегайым Канат кызы.