Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы 9-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйында белгилүү болду.
Бул толкунданткан чоң көрүнүш болорун акциянын уюштуруучулары айтып өтүштү.
"Акция учурунда шаарда отургузулуп жаткан гүлдөргө аяр мамиле кылууну суранабыз. Ал эми ретро унаасы барларды, негизи иш-чарага кызыккан адамдар болсо, бизге кайрылышсын. Алардын суранычтарын, сунуштаарын эске алабыз. Тартипти сактоого милиция кызматкерлери чакырылган. Музыкалык инструменттери бар жарандарды да акцияга катышууга чакырабыз. Алар майрамга шаң кошуп, элдин маанайын көтөрүшөт", - дейт уюштуруучу Валентина Лисниченко.
Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" - 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтүшөт.