Быйыл 170 адам маршруттук таксилердин айдоочуларынын үстүнөн арызданды

Жыл башынан бери Бишкектин мэриясынын алдындагы ыкчам аракет кызматына коомдук унаалардын айдоочуларына нааразы болгон 170 жаран кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде жол коопсуздугуна арналган маалымат жыйында айтылды.

Анда белгиленгендей, кайрылгандардын көбү айдоочулардын орой мамилесине, алардын этикалык жүрүм-турумунун начардыгына, салондун ичинде тамеки чеккендигине, унаанын ичиндеги таза эмес абалга, унаанын техникалык жакшы эмес абалына нааразычылык билдирген.

Буга байланыштуу шаардагы унаалардын санитардык жана техникалык абалы текшерүүгө алынып, 193 кичи автобус жүргүнчү ташуунун талаптарына жооп бербегени аныкталган. Алар кемчилигин жойгонго чейин жумуштан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aytkulova
2017-04-26 20:27:32
Бугун эле эрте менен бир эже 175-маршруттук таксинин устунон арыз жазам деп тополон салды)).
+1
Umnitsa
2017-04-26 21:39:45
Айрым жүргүнчүлөрдүн үстүнөн да арыз жазыш керек өзү.
+3
1Adilet1
2017-04-26 22:18:35
Эртен машурткалар иштебейт екен. Эртен көрөбүз го
0
suymon
2017-04-26 23:19:14
Машрутка айдаган айдоочуларга туну лексия окуп ерте менен жумушка чыгаруу керек.кочолор атасынан калган мурастай журоттор
+2
Tekecher
2017-04-26 23:36:53
Аларды да тушунуш керек, шаардын кочолорундо ощентип эле айдаш керек болуп калды пробка везде
0
Ulan2601
2017-04-27 00:28:28
Алардын да жумушу оор кечке машина айдайт кунуно ар турдуу адам ар турдуу характер дегендей кун ыссыкбы суукбу кечке машина айдайт нерв да кетет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан