Өкмөт башчы адам өмүрүн алган жол кырсыктарына байланыштуу комплекстүү чара көрүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Премьер-министр “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышына жарандар нааразычылыгын билдирип жатканын айтты. Маалым болгондой, учурда ал долбоор боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Дал ушул себептен улам долбоор ишке ашпай келет.

“Албетте, жолдорго фото жана видео каттоочу камераларды орноткон соң жол кырсыктарынын саны азаят. Ал эми “Таза Коом” долбоору болсо жол эрежелерин бузган айдоочуларга тийиштүү көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Анткени тартип бузууларды ыкчам аныктап жана профилактика ишин жүргүзүү менен коомдук коопсуздукту камсыз кылат”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, 2017-жылдын үч айында Кыргызда 1 169 авто кырсык катталган. Анын кесепетинен улам 148 адам каза болуп, 1 886 киши жаракат алышкан. Балдардын катышуусу менен 204 кырсык катталып, андан 8 бала каза болуп, 221 наристе жапа чеккен. Өлкөдө көбүнчө кырсыктар жогорку ылдамдыкта жүргөндүгү үчүн жана каршы жолго чыгуудан улам болот.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров белгилегендей, айдоочуларды окуткан автомектептердин сапатына көңүл буруп, алардын ишинде кандайдыр бир бузуулар болсо аныктоо иши жүргүзүлүшү зарыл. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүгүн жана кийинки айдоочулук категориясын ала турган жарандарга катуу көзөмөл болушу шарт.

Ошондой эле шаарда такси айдоочуларын жана маршруттук таксилердин ишин көзөмөлдөө боюнча тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу керектиги айтылды. Бүгүнкү күндө маршруттук такси кызматтарына айдоочуларды тандоо, алардын автоунаасынын абалын жана ден соолугун көзөмөлдөгөн органдын жоктугу да эске алынышы керек.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир жумалык мөөнөт менен тийиштүү мамлекеттик органдарга жана түзүмдөргө жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу комплекстүү чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуш киризилиши керектигин тапшырды. Аталган сунуштар кийинки жумушчу кеңешмеге киргизилип, анын жыйынтыгы менен бекитилген комплекстүү чаралар өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кароосуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан