29-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамптын кызматына келгенине 100 күн болот. Аны эң бай президент катары билишет. Анын башкаруусунун алгачкы күндөрүнөн сүрөттөр топтому назарыңыздарда.
Ак үйдүн башчысынын ишин 100 күндүк иши боюнча баалоону салт катары Франклин Рузвельт калыптаган. Аны көпчүлүк гольф ойноп, социалдык тармактарда көп отурганын айтып сындашканы менен, 100 күнгө жете элек жатып Дональд Трамп АКШнын акыркы 70 жылдык тарыхында башка президенттерге салыштырмалуу эң көп буйрукка кол койгон.
Ал 28 мыйзамга, 30 буйрукка кол койгон. Экс-президент Барак Обама 100 күндүн ичинде 19 буйрукка кол койгон.