Социалдык тармактарда "Мен Конституция боюнча жашайм" акциясы старт алды. Акция 5-Май - Конституция күнүнө арналган. Акциянын катышуучулары баракчаларына аталган ураан менен же Конституция менен түшкөн сүрөтүн коюп, #менконституциябоюнчажашайм хештегин жазышат. Муну менен катышуучулар өлкөнүн Конституциясын урматташарын билдиришет.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, акция 28-апрелден 5-майга чейин уланат. Анын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугуп, аларга Конституция тууралуу билим беришет. Мындан сырткары сынактар, оюндар өткөрүлмөкчү.