Депутат Дастан Бекешев өкмөт башчыга курулбай калган социалдык объекттердин тизмесин көзөмөлдөп турууну сунуштады

Бүгүн, 27-апрелде өкмөт Жогорку Кеңешке бир жылдык отчёт берип жатканда, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго курулбай калган социалдык объекттердин тизмесин көзөмөлдөп турууну сунуштады.

"Депутаттар парламенттин жыйынында мектеп, бала бакча куруу жөнүндө маселе көтөрүп келет. Бизге белгилүү болгондой, өкмөт жыл сайын кура турган объекттердин тизмесин бекитет. Башка объекттер калып жатат. Тизмеде кайсы мектеп, бала бакча жана башка ишканалар эмне себеп менен курулбай калганын көзөмөлдөп туруу керек. Ай сайын министрликтерди чакырып өкмөт башчы маалымат алып туруусу зарыл", - деди ал.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйыл авариялык абалдагы мектептер толук бүтө турганын, депутаттар сунуштаган мектептердин бардыгын кура албай турганын айтты. Курулган объекттерди бүтүрүү үчүн 9 миллиард 600 миллион сом керектеле турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2017-04-27 13:13:14
сунуштайт дей берет пайдасы жок! дегеден кийин ОЗУ козомолдобосо деп эмне кылат?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан