Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылы быйыл таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу аталган райондун акими Баймурат Бекмуратов бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, облус башчысынын катышуусунда элдик жыйын болгон. Жыйында Маданият айылынын таза суу көйгөйү маанилүү маселелердин бири экени аныкталган.
"Таза суу көйгөйү аталган айылда 25 жылдан бери бар. Чынында бул маселе каралбай калган. Айылды таза суу менен камсыздоону АРИС агенттигинин жардамы менен ишке ашырууну пландап жатабыз. Долбоор "Ала-Тоо булагы" деп аталып, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Таза суу менен камсыздоо иштери мартта башталмак, каржы маселеси чечилбей, июль айына жылдырылды. Жыйын өтүп, жыйынтыгында долбоордун өзүнө облустук бюджеттен 50 миң, райондук бюджеттен 200 миң сом бөлүнмөй болду. Долбоор ишке ашса, Маданият айылы быйыл таза суу менен камсыз болот", - деди райондун башчысы Баймурат Бекмуратов.
Эскерте кетсек, окурман "Элдик кабар" рубрикасына Маданият айылынын тургундары жайлоодо уйлар ичкен суудан ичишерин кабарлаган.