Баарыбызга белгилүү болгондой, казак ырчысы Кайрат Нуртас жеке жашоосун коомчулуктан жашырып келет. Ырчы социалдык тармактарга өзүнүн жана апасынын гана сүрөттөрүн жарыялап келген. Анын жубайы, 3 баласы бар экени айтылып, интернет ааламында бул сөздөргө тийиштүү сүрөттөр кеңири тараган.
Казак маалымат каражаттары ырчынын жубайы делген Жулдыз Абдукаримова балдарын тарбиялап гана тим болбостон, фотосессияларга да катышып турарын жазып, анын Кайрат Нуртас менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан. Жулдыз Абдукаримова Казакстандын шоу-бизнестеги жылдыздарынын көбү менен жакшы мамиледе экенин баса белгилешкен. Ал ырчыдан бир жашка улуу. 14-апрелде 29 жашка толуп, туулган күнүн белгилегени маалым болду. Кээ бир маалыматтарга ылайык, жубайы Астанадан. Экөө Темирбек Жургенов атындагы искусство академиясында окуп жүрүшкөндө таанышышкан. Белгилей кетсек, Кайрат Нуртас көпчүлүк иш-чараларга, кечелерге өзү жалгыз барат.