СУПЕРСТАН: "Атаңды жакшы көрөсүңбү десе, ойлонбой туруп "жек көрөм" деп жооп бергим келет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата, сизди жек көрөм!" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Атасын мактаган курбу кыздарымды, тааныштарды көп угам, социалдык тармактарга сүрөтүн киргизип, жакшы сөздөр менен жазгандарын көрөм. Ошол убактагы менин абалымды эч ким билбейт, сыртымдан күлүп, ичимден сыздайм. Ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Ата мээримин көрбөй чоңойдум. Башкалардай болуп атам жөнүндө сураса айтып бере албайм. Атаңды жакшы көрөсүңбү десе, ойлонбой туруп "жек көрөм" деп жооп бергим келет. Жүрөгүм ошентип жооп берүүмдү каалайт. Ушунчалык атамды жек көрөм. Чоңойгондо атамды таап, кабарлаштым. Анда-санда үйүнө барып калчумун. Андан мээрим күттүм, бирок ала албадым. Бир жылы Москвадан келе жатып атама чалып, аэропорттон тосуп алуусун сурандым. Макул болгонуна сүйүнүп, атама, баласына белектерди алып учуп келдим. Бирок мен аны тосуп алуучулардын арасынан тапкан жокмун, 2 саат күттүм, чалдым алган жок. Дагы бир күнү акчадан аябай кыйналып, атамдан акча сурадым, жардамдаша албасын айтты. Арадан 4-5 ай өтпөй айылда жүрүп ооруп калдым. Атама дагы чалдым. Атам "колум бош эмес" деди. Аябай капа болуп ыйладым. Ооруканага жаттым, атамдын үйү жакын болчу. 7 күндүн ичинде акыбалымды сурап, бир басып келген жок. Ошол бойдон аны менен кабаралашпайм. Айылга барган сайын атамды көрүп каламбы деп караанын издейм...".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Атаңа жакшы мамиле жасап коё бер. Кудайдын астына барганда жүзүң жарык болот, атаң кылган кылыгына өзү жооп берет".

"Атаң да мүмкүн катташкысы келеттир, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей себептери бардыр. Анын да үй-бүлөсү бар, түшүнгөнгө аракет кыл. Акылдуулук кылып атаң менен катташып жүр. Жүз жолу жаман десең да ошол адамдын канынан жаралгансың. Бул дүйнө - жалган дүйнө, баарыбыз жооп берчү күн келет. Эч качан ата баладан, бала атадан жүзүн бурбасын. Бакыт каалайм сага".

"Атаңыздын тирүү болгону эле канчалык чоң бакыт экенин сезбесеңиз керек, ээ? Эх, атам тирүү болсо кана... Макул башка аял алсын, макул мени карабасын, жардам бербесин, тирүү болсо болду эле".

"Менин атам бар жанымда, бирок мен аны жек көрөм. Биздин жашообуздан жоголуп кетүүсүн каалайм. Ооба, ушундай жаман кызмын. Себеби апамды өмүр бою бактысыз кылган, ушул убакка чейин апамды кыйнап, үй-бүлөнүн түйшүгүн апамдын моюнуна илген, анысы аз келгенсип уруп, токмоктойт, сөөккө жетчү сөздөрдү айтат. Өз балдарын уруп-соккон, жийиркеничтүү алкаш атаны ким жакшы көрө алат? Качан уруш чыгып кетер экен деп коркуу сезими менен чоңойгон балалыгыбызды эстесем ыйлагым келет. Эжемди, мени өлтүрүүгө аракет жасаганын эстегенде, денемди калтырак басып, кара терге түшүп корком. Баарынан да апама боорум ооруйт, байкуш апам ушул убакка чейин түйшүктү өзү тартып келет. Жумуштан түнкү саат 12-1лерде чарчап келип, анан сасыган алкаштын жанга баткан сөздөрүн угуп таң атырган апамды аяйм. Ушундай атам бар экенине өкүнөм, ал өлсүн дебейм, бирок биздин жашообуздан такыр жоголуп кетүүсүн тилейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
baltabai
2017-04-27 13:40:45
Мен
Атамды Жакшы көрөмүн
+2
MinuTolik
2017-04-27 14:15:50
Ата эненин ордун эчким баса албайт!
+1
mirkaa5182
2017-04-27 14:24:48
Атанын орду башка да, жаманбы жакшыбы ата-энеге жакшы мамиле кылыш керек.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-27 14:43:23
Ата эне кандай болот билбейм
+1
meni_kut
2017-04-27 15:02:37
ата мн чоогу жашаган кандай болот билбейм,жакшы да жаман да корбойм.
0
dastan_nookat
2017-04-27 15:18:36
Мен жаман корбойм ата энемди
0
aibi8984
2017-04-27 23:35:53
Журогум ооруп кетти буларды окуп...
0
nazira1989
2017-04-28 01:26:42
А мен Атамды сагындым...Тируу,бул турмушта бар болсо ошол мага жетиштуу болоор эле...((((Ата-сизди сагындым,бизди таштап шаштыныз,чын жашоого шаштыныз...(((((Аллахым бейишинен орун Берген болсун сизге,оомиийн!!!...(((
0
altyshka_23
2017-04-28 10:18:36
Атадан кордук коргон балдарга кыйын эле,бир омур коркууда жашайт.Чонойуп калганда эч кандай мээрим атага жок болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан