Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров дыйкандар товар өндүргөндү билип, экспорттогонду билбей жатканын айтты.
Ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кооперацияга көңүл буруусун сунуштады. Ошондой эле кооперацияны жандандыруу зарыл экенин билдирди. Депутат былтыр айыл чарба тармагы үчүн жакшы жыл болгонун белгилеп, 2016-жылы көп жылдан бери ишке ашпай жаткан малды идентификациялоо башталганын айтты.
Ал билдиргендей, өлкө ВСП+ деген статусту алган. Анда 6200 миң товарды экспорттогонго мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.
Сооронбай Жээнбеков кооперция боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. ВСП+ боюнча жылыштар жакшы болуп жатканын айтты.