Мамлекеттик циркке караштуу конок үйүнүн жашоочулары бүгүн, 27-апрелде маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, конок үйдө 7 жашка чейинки жана мектепте окуп жаткан 120 бала бар.
Жашоочулар соттук аткаруучулардын акыркы жолу барганы балдарга терс таасирин бергенин айтышууда.
"Бизден мурун балдарыбыздын укугун ойлошсо болмок. Алар түндө "биздин эшикти дагы талкалап кетишет" деп коркуп ыйлап жатышат. 21-апрелде бизди сот аткаруучулар одоно мыйзам бузуулар менен күч колдонуп, орой мамиле кылып, эшикке чыгарышты. Колдорубуздун көгөргөнү азыркыга чейин кете элек. Жок дегенде 10 күндөй убакыт беришсе болмок. Биз бул учурда жашаганга жер таап, тынчтык жолу менен көчөт элек айласыздан", - деди тургундардын бири Майя Атамбаева.
Аталган турак жайдан ушул убакка чейин 5 үй-бүлө чыгарылган. Алардын катарында 4 балалуу, 8 чарчы метр бөлмөдөн чыгарылган Наргиля Кожокеева дагы бар.
"Жашоочуларды бөлмөлөрүнөн чыгаруу боюнча маалымат кагазы бизге 20-апрелде саат 15:00 чамасында келди. Биз бир күндө башка баш калкалоочу жайды табууга кантип жетишмек элек? Эртеси күнү келип күч менен чыгарышты", - деди Наргиля Кожокеева.
Жашоочулардын айтымында, үйдөн чыгарылгандардын бөлмөлөрүнө цирктин жетекчиси Курмангазы Исанаев өзүнүн туугандарын жайгаштырып койгон. Ошондой эле алар үйдө мыйзамдуу түрдө, келишимдин негизинде жашап жатканын айтышып, далил катары документтерди көрсөтүштү. Мындан тышкары күч менен чыгарылган үй-бүлөлөрдүн катарында ата-энеси цирктин эмгек сиңирген ардагерлери болгон жашоочулар, жалгыз бой энелер бар экени кошумчаланды.