2014-жылдан тарта балдар үйүнө жана интернаттарга өткөрүлгөн 600 бала аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн иш алып баруусу менен кайрадан ата-энелери, жакын туугандары менен жашап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай маалымат Коомдук кеӊеште отчёт берүүдө белгилүү болгон.
"Балдардын интернаттарга өткөрүлүүсүнүн башкы себептери - ата-энесинин баланы багуу укугунан ажыратылгандыгы, каза болушу, жаза аткаруу жайларында болгондугу, ички жана тышкы миграциялык маселелер.
Социалдык мекемелердин түрлөрүнө карап балдардын жайгаштырылышы;
Билим берүү системи боюнча Балдар үйүнө - 1 080 бала;
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атайын интернаттарда - 2 001 бала;
Билим берүү системи боюнча интернат-гимназияларда – 3 474 бала;
Станционардык социалдык мекемелерде - 428 бала;
Жеке балдар үйүндө – 988 бала;
Диний балдар мекемелеринде – 917 бала", - деп айтылат маалыматта.
Отчёттун жүрүшүндө, оор абалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга Кыргызда 60тан ашык реабилитациялык жана кризистик борборлор кызмат көрсөтүшөрү маалым болгон. Алардын 23үн 2014-2016-жылдары мамлекеттик-социалдык буйрутма менен Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги ачкан. Жалпысынан 20 миллион сом акча каражаты жумшалган. Бул жылдары оор абалда калган 11 460 балага социалдык кызматтар көрсөтүлгөн.