Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн отчётунда аймактарды өнүктүрүү, “Кумтөр” жана “Кара-Кече” тууралуу айтылбаганына нааразы болду

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн отчётунда аймактарды өнүктүрүү, “Кумтөр” жана “Кара-Кече” тууралуу айтылбаганына нааразы болду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отчёт берип жатканда аймактарды өнүктүрүү боюнча кыскача маалымат бергенин эскертти. Ал эми "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жылыш бар экенин белгилеп, жыйынтыгы кийин айтыла турганын билдирди. Мыктыбек Абдылдаев 7 жылдан бери жылыш болбой жатканын айтты.

Ал эми өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Кара-Кече" боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген сынак жарыяланганын билдирди. Анын айтымында, сынакка 7 компания катышып, тилекке каршы, баары чыгып кетишкен. Себеби алар көп акча каражатты талап кылышкан. Дүйшөнбек Зилалиев бул маселени жылдын аягына чейин бүтүргөнгө аракет кыла турганын билдирди.

Парламентке өкмөт 2016-жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenjebek_a
2017-04-27 20:41:06
Ушу окмоттун отчетун угуп,же кыйратып баа бере албайсынар.Бут кудайдан жоо качкан аферистер олтурасынар.Кыйраткансып канаттандырарлык деп баа берип жатып элди ойлоп коюш жок.Бут козкарама 120кой олтурушат.Дагы жыйырмадан ашык тойбогон лапшагон министрдин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан