"Дыйкан" базарынын соодагерлери Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинин толугу менен жабылышына каршы чыгышты

Бүгүн, 27-апрелде "Дыйкан" базарынын соодагерлери Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинин толугу менен жабылышына каршы чыгышты. Соодагерлердин айтымында, аталган кесилиш былтыр эле 14 миллион сомго оңдолгон. Быйылкы оңдоо иштери кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн экенин, бул кесилиш аркылуу базардын кардарларынын басымдуу бөлүгү келерин айтышууда.

"Жолду оңдосо оңдой беришсин. Ага каршы эмеспиз. Бирок толугу менен жолду тосуп албай, бир тарабын ачып коюшса болот да. Базарга көп адамдар ушул жол аркылуу унаалар менен келишет. Жол жабылып калса, алар кантип өтүшөт. Бул бизге чоң зыянын тийгизип жатат", - дейт соодагер Гуля Курамаева.

Жолду тостурууга каршылык көрсөткөн 100дөй соодагерди 50дөй милиция кызматкери көзөмөлдөп турушту. Соодагерлер төгүлгөн шагылды тазалап, жолду ачып салышты.

"Дыйкан" базарынын соодагери
Соодагерлер оңдолчу жолду тостурбай коюшту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Seryi-Kardinal
2017-04-27 16:36:06
tyrywpai dordoi motorsko kelsener baardyk warty bar
+1
scorp
2017-04-27 16:41:29
Омондорду алып барыптуруп сабаш керек буларды былтыры ондолобу кечеби одной берсин кааласа жабышсын, соодагерлер норма эле адамдарбы озу тооба, акчаны ойлоп чынырып чыгыштыда, омондорду алып барып сабап баарын камагыла бийлик!
-3
JOM
2017-04-27 17:29:33
scorp,100 adam bekerinen chikbayt al jerge,100 adam balachakasin bagat owol bazardan,owol bazarga ketchu joldu tosup salsa kardarlar kayak menen barat?? sen owol bazarda iwtegeninde birinchilerden bolp churkap barmaksin,bilbey turup suyloboylu....
+2
scorp
2017-04-27 19:13:47
JOM,оозуму тыйба)) беш колдой билем мен ал жерди.
-3
asankulov12
2017-04-27 16:54:19
Мамлекеттин алсыздыгы. Бири бирине баш ийбесе, укпаса онолбойбуз.
+3
Ulan2601
2017-04-27 17:37:13
Тыгылбай ал базарга дордой моторско келсе жакшы болмок
0
Arlenchik
2017-04-27 18:41:27
Дордой моторско эмес дыйкан базардын оз ордунда эле калганы жакшы, и так эле Ден-сяопин кочосу пробка, базарды ал жака кочуруп салса ого бетер пробка болот чон камаздардын баары кирип чыгып андыктан ордунда эле калганы жакшы же болбосо шаар сыртына кылса ынгайлуу болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан