Бишкекте мектеп окуучуларын унаасы менен сүзгөн жарандын ата-энеси тосмо арыз берүүнү суранып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берип жатканда ички иштер министри Улан Исраилов билдирди.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу кылмышка күнөөлөнүп жаткан жарандын мурда дагы адамдын өлүмү боюнча жоопкерчилиги тууралуу министрден сурады.
Исраилов биринчи жол кырсыгы 2015-жылы болгонун, каза болгон жарандын туугандары тосмо арыз жазганда кылмыш иши токтотулганын айтты.
Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнуна алган.