Бүгүн Бишкектеги Абдрахманов жана Чүй проспектисинин кесилишинде унаа сүзүп кеткен жөө жүрүүчүлөрдүн абалы салыштырмалуу канаттандырарлык. Бул тууралуу 27-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна саат 17:30да "Тез жардам" аркылуу эки жаран алынып келинген. "Алдын ала диагноз боюнча 18 жана 49 жаштагы жарандын баш мээси чайкалган. Болжол менен бири тизесинен жаракат алган, экинчисинин кар жилиги сынган. Толук текшерүүдөн өткөндөн кийин так диагноз коюлат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 16:20лар чамасында болгон. Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы жөө жүрүүчүлөр өтүүгө мүмкүн эмес жерден жолду кесип өтүп бара жатканын маалымдады.