21-апрелде "Элдик кабар" рубрикасына окурман Ош шаарынын Аравандагы фонтандын абалы начар экенин кабарлаган. Шаардын "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айгүл Наватова бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына фонтандын тегереги тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулуп, гүлдөр айдалып жатканын билдирди.
"Фонтан 1-майдан тарта иштетилет. Себеби быйыл жаз кеч кирди. Анын тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлүп, сырдалып жатат. Быйыл жаңы туя дарактарынын көчөттөрү отургузулуп, гүлдөр айдалып жатат", - деди Айгүл Наватова.
Ал эми ишкананын кызматкери Иманбек Советбек уулу фонтандын суусу чыгарылбаганы анын бузулганынан кабар бербей турганын кошумчалап, көрктөндүрүү иштери бүткөн соң жакынкы күндөрү шаардын кооз жери болорун айтты.