Эл аралык эмгек уюмунун 2001-жылкы чечимине ылайык, 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү катары белгиленет. Эл аралык эмгек уюму жумушчу орунундагы өлүмдүн санын азайтуу үчүн иш маданиятын арттыруу максатында атайын майрамдык жөрөлгө уюштурган. Мындай кадам аркылуу аталган уюм дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу максатын көздөгөн. Эл аралык эмгек уюмунун тактоосуна караганда дүйнө боюнча иш орунундагы кырсыктан ар күнү болжол менен 5000, бир жылда 2-3 миллион адамга чейин өлүмгө дуушар болушат. Ошондой эле жыл сайын 270 миллион адам жаракат алат.
28-апрелге карата жылнаама.