ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: 80 жыл мурун белгилүү диктатор, Иракты 24 жыл башкарып кийин дарга асылган Саддам Хусейн туулган

1937-жылы 28-апрелде Ирак өлкөсүнүн 1979-2003-жылдардагы президенти Саддам Хусейн суннит мусулманы болгон карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Саддам Хусейн 9 жашка чейин мектеп босогосун аттаган эмес. Ал 20 жашка келгенде жашыруун иш жүргүзгөн “Баас” деген партияга мүчө болуп, алар менен бирге 1959-жылы Ирактын премьер-министри Абдель Керимдин өмүрүнө кол салган. Бирок алардын ойлогон ою толук иш жүзүнө ашпай, өкмөт башчысынын айдоочусу менен жардамчысы гана өлүп, өзү тирүү калган. Себеби анын жан сакчылары кол салгандардын айрымдарын жеринен эле аткылап жок кылууга жетишсе, дагы бир бөлүгү эптеп качып кутулушат. Ошондой октордун бири Саддамдын бутуна тийсе да, эптеп өзүнүн туулуп-өскөн кыштагына жетип, андан соң “Баас” партиясынын чоңдору отурукташкан Сириянын борбору Дамаскка качууга аргасыз болот. 1960-жылы Хусейн Египеттеги орто окуу жайлардын бирин аяктап, Каирдеги университетте юридикалык билим ала баштайт. Анан эле 1963-жылы “Баас” партиясынын мүчөлөрү Иракта мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийлик алмашканда Саддам окуусун таштап, мекенине баса берет. Багдадга келип, кайрадан аскер академиясына тапшырууга аракет кылат, бирок алгачкы эле экзаменден окууга өтпөй кулап калат.

Саясатка аралашуусу
Саддам Хусейндин саясий карьерасы бийик тепкичке көтөрүлө баштоосу “Баас” партиясынын тартип кызматынын начальниги болуп дайындалганда башталган. Бирок көп өтпөй эле социалисттик “Баас” партиясы бийлигин жоготуп, Саддам болсо камакка алынып, 2 жылга эркинен ажыратылат. 1968-жылы ал түрмөдөн чыга­ры менен эле “Баас” партиясынын көч башында болуп, кайрадан кезектеги мамлекеттик төңкөрүштү уюштурат. Мына ошондон соң 11 жыл бою Саддам Хусейн ошол учурдагы Ирактын президенти генерал Ахмед Хасандын оң колу, башкача айтканда, вице-президент кызматын аркалап келген. Себеби ал Ахмед Хасандын кызына үйлө­нүп, анын ишенимине кирген. Ирактын вице-президент кызматында отуруп, аскер академиясына өтпөй калганын эстеп, ага тапшыруу үчүн 2 жан сакчысын ээрчитип, куруна тапанча тагынып алып экзаменге кирип келет. Албетте, вице-президентти экзаменден кулатып коюу мугалимдер үчүн өлүмгө тете иш болгон. Андыктан алар сынаксыз эле Саддам мырзаны окууга өткөрүп коюшат.
Президенттикке келиши
1979-жылдын 16-июнунда Ахмед Хасан отставкага кетип, президенттик такты Саддам Хусейнге өткөрүп берет. Ошентип Саддам Хусейн Ирактын жаңы президенти болгон. Бийликке келген лидер башкача ой жүгүрткөн адамдарды куугунтуктап, саясий атаандаштарын жок кыла баштайт. Өзгөчө, Ирактын түштү­гүн­дөгү шиит мусулмандары менен түн­дүктөгү күрттөрдүн көтөрүлүшүн күч менен басып, аларды жок кылуу үчүн химиялык куралдар­ды колдонууга чейин барган. Мындан тышкары өзү мүчө болгон партияда жетекчилик кызматта иштеген 21 адам менен бир канча министрди “сырдуу маалыматты Сирияга билдиришкен” деген шылтоо менен 1988-жылы темир тор артына жиберип, кийинчерээк өлүм жазасына кестирип жиберет.
Диктаторлук аракетинин күч алышы
1980-жылдын 22-сентябрында Ирандын нефтисине көзү түшүп, аларга кол салууга буйрук берет. Ошентип Ирак менен Ирандын ортосундагы байлык үчүн болгон кандуу согуш 1988-жылдын августуна чейин созулат. Ошол мезгилде 182 миңге жакын күрт улутундагы адамдарды белгисиз тарапка алып барып, Саддам аттырып салган дешет. Кийинчерээк алардын өлүктөрү топ-топ болуп көмүлгөн жеринен табылган. Жыйынтыгында, эки тараптын миллионго жакын адамы курман болуп, 900 миллиард долларга чейин чыгым тартышат. Мындай согуштан Ирактын экономикасы кадыресе солгундай түшкөнүнөн анын ордун толтуруу үчүн Саддам бай мамлекет болгон Кувейтке кол салат. Айрым маалыматтарга караганда, Ирак менен Кувейтке кол салууну Саддам алдын ала АКШ менен макулдашкан. Бирок 1991-жылы АКШ баштаган куралдуу күчтөр Саддам Хусейн жетектеген Ирактын аскерлерин бомбалап, Кувейттен чыгарган.
АКШ менен тиреш. Терроризм боюнча күнөө.
2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу теракттан соң, АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын президенти Саддам Хусейн террористтик топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек деген чечим кабыл алат. 2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШнын бийлиги моюндарына алышкан. 9-апрелде Багдад баскынчылар тарабынан басып алынып, Саддам Хусейндин бийлигин кулаткан. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшөт. Анын жубайы менен кыздары Сирияда баш калкалап, ошол өлкөдө жашап жатканы белгилүү болгон.
Өлүм жазасына тартылышы
Саддам Хусейндин жанында жүргөн адамдар колго түшсө да диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калган. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык бере турганын жар салганда өзүнүн аталаш тууганы Саддам Хусейндин кайда экенин айтып коёт. Ошентип 2003-жылдын 13-декабрында АКШнын аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден сууруп чыгышкан. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталган. Эң кызыгы, мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилген. Ошентип Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылдын 30-декабрында Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө денеси коюлган.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond
2017-04-28 09:08:29
Кыйын киши болгон экен
+1
Atas
2017-04-28 09:28:08
amerikalyktar musulman adamdy olturushtu Allahtyn aldynda joop berishet
0
Atas
2017-04-28 09:28:57
amerikalyktar musulman adamdy olturushtu Allahtyn aldynda joop berishet
0
tumann.
2017-04-28 10:56:05
америка Мусулман олколорун эмне гана кундорго калтырбады. Баарына жооп беруучу убакыт келет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан