Коррупцияга каршы митингдерди уюштурган Алексей Навальныйга Москвада белгисиз адам зелёнка чачып кетти

Коррупцияга каршы митингдерди уюштурган Алексей Навальныйга Москвада белгисиз адам зелёнка чачып кетти. Окуя Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдында, Навальный Global Event Forum'га катышуу үчүн бараткан маалда болгон. Бул тууралуу оппозициялык саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирген.

Маалым болгондой, кол салуудан кийин оппозиционер ооруканага жеткирилип – зелёнка анын көзүнө кирип кеткен. Ага "оң көзү химиялык күйүк алган" деген диагноз коюлду.

"Учурда анын көзү көрүп, бирок ооруп жатат. Азырынча мунун эмнеге алып келе тургандыгы түшүнүксүз. Полиция арызыбызды кабыл алды, бирок видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды алууга ашыгышкан жок. Биз кылмыш ишинин козголушун жана тергөөнү талап кылабыз", - деп билдирди Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын башчысы Леонид Волков.

​Мартта Барнаулда Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын ачылышы болуп жатканда дагы ага зелёнка чачып кетишкен. Анда кол салууга карабастан саясатчы тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн.

Алексей Навальный 2018-жылы президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Анын талапкерлигин 400 миңден ашык орусиялык колдоду. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан саясатчынын 25 шайлоо алдындагы штабдары ачылды.

Айта кетсек, март айында Навальный тарабынан негизделген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Андан соң Орусиянын бардык аймактарында коррупцияга каршы митинг өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jorgo2411
2017-04-28 09:44:07
жаман болуптур
+2
omka100514
2017-04-28 10:04:26
Баардык жерде эле ушундай экенда, кичине эле окмоттогулордун мал-мулкун чукуп койсо коркутуп-уркутуп же болбосо камап салышат
+6
meni_kut
2017-04-28 10:46:13
аа демек бардык эле жерде бийликке умтулуп жатканда гана чукуйт турбайбы окмоттогулордун мал мулкун.Анан президентикке талппкер болот
+2
Antoshka2016
2017-04-28 11:25:36
Зелёнка чачып кетсе селфи кылып журот го жанындагылар.Бул дагы ондуруш токтонасыровго окшош неме го!
+4
Kroxa
2017-04-28 11:53:52
Кайгырбай эле жагындагыларга той болгон го суротко тушуп кулумсуроп..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан