Айыл чарба министринин орун басары: “Айыл чарба өнүмдөрүн ташууда темир жол кызматы колдонула баштайт”

“Быйыл Таласта 600 гектар жерге кызылча себүүнү пландаганбыз. Аны ишке ашыруу үчүн темир жолду колдонууну туура көрдүк”, - деп айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев 27-апрелде "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, темир жол Кеминден баштап Жайыл районуна чейин созулат.

Керималиев кадр маселесинде да көйгөй жаралып жаткандыгына токтолду. “Азыркы учурда айыл чарба тармагында гидротехник, зоотехник, ветеринар жана агроном адистиктерине жаштардын дээрлик кызыкпай калгандыгы байкалууда. Андыктан аталган адистиктерге учурда суроо-талап жогору, бирок адистер жок”, - дейт.

Ошондой эле министрдин орун басары логистикалык борборлор курулганын айтты. “Логистикалык борборлордо атайын муздаткычтар бар. Алар тиешелүү нормаларды сактап, белгиленген мөөнөткө чейин мөмө-жемиштерди күнү бүгүнкүдөй сактап турат”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kroxa
2017-04-28 10:38:09
Окмот Сооронбай Жээнбеков светти 700 кв дан ашык байлар жагат деп айтты..Бизде Каракол шаарында кээ бир 5 кабат 3 кабат уйлого от жагылбайт отопление жок карапайым эл бир айлык акчасын кышкысын светке эле тогуп уйун жылытышат,2000 4000 мин жаккандар бар анан кайдагы Байлар толойт..
+1
Kroxa
2017-04-28 10:38:54
Ошондо байлар толойт леп кымбаттатса карапайым этаждагы элдер эмне болот???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан