Мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отурум кийинкиге жылды
Мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отурум кийинкиге жылды. Буга 3 жабырлануучунун жана бир жактоочунун келбей калышы себеп болду. Кийинки отурум 4-май күнү уланат. Жабырлануучулардын бири Мирлан Жолдошовдун айтымында, бүгүн жарыш сөздөр айтылып, өкүм чыгышы мүмкүн болчу.
Мирлан Жолдошов кечээ Ак үйдүн алдына үй-бүлөсү менен митингге чыгып, Кадыралиевдин Ак үйдөгү тааныштары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү аракетин көрүп жатканын билдирген. Ошондой эле ал иш кайра тергөөгө жөнөтүлсө өзүн-өзү өрттөөрүн айткан.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.
2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.