Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун агасы Кантөрө Токтомаматов жүрөк оорудан улам кайтыш болду. Быйыл 70 жашка чыкмак. Бул тууралуу 28-апрелде өкмөт башчынын жакындары билдиришти.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кантөрө Токтоматовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кантөрө Токтомаматов 1947-жылдын 20-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын “Эл чарбасын пландоо” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1970-жылы Ош облустук администрациясында финансы бөлүмүнүн ага инспектору кызматында баштаган. 1975-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-2016-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин (мурунку Жалал-Абад коммерциялык институтунун) ректору, 2016-жылдын май айынан тартып аталган окуу жайдын президенти болгон. Кантөрө Токтомаматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн зор салым кошкон. Ал негиздеп кеткен бул окуу жайы - КМШнын аймагындагы мамлекеттик эмес алгачкы университет.
1979-жылы Н.А.Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтунун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. 1988-жылы СССР Элдик билим берүү мамлекеттик комитетинин чечими менен доцент илимий наамына, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор наамы берилген.
Ал 100дөн ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору, билим берүүнүн отличниги болгон. Кыргыз Республикасынын журналисттер жана жазуучулар союзунун, Орусия Федерациясынын “Альманах мировой науки” илимий журналынын редколлегия мүчөсү. Билим берүү тармагында бир нече шакирттерди тарбиялаган. Анын илимий жетекчилигинде экономика боюнча 2 доктордук, 8 кандидаттык диссертация жакталган. Педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Манас-1000” медалы, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон.